Ушул жылдын 22-май күнү «Ала-Тоо» адабий-көркөм журналынын бет ачарына арналган салтанаттуу иш-чара Бишкек шаарындагы А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада өттү. “Ала-Тоо” – кыргыз руханиятынын күзгүсү, улуттук сөз өнөрүнүн мектеби катары бааланып келген. Бүгүн анын кайрадан жарык көрүшү – адабияттын кайрадан дем алып, окурман менен калемгердин ортосундагы алтын көпүрө жаңырып жатканынын белгиси болуп калды.
Иш-чаранын жүрүшүндө журналдын алгачкы чыгарылган сандарынан тартып, ортодо чыкпай калган тагдыры сындуу ушул күнгө чейин тарыхы, чыгармачылык жолу, аны жетектеген залкарлар тууралуу маалыматтар камтылган көргөзмө ачылды. Адабий чөйрөнүн өкүлдөрү тарабынан учурдагы ишмердүүлүгү жана келечектеги ийгилигине каалоо-тилектер айтылды.

Салтанат соңунда чыгармачыл жамаатка мындан аркы ийгиликтер кааланып, кыргыз маданиятын жана адабиятын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык айтылды.
Алгачкы санга кыска сереп
“Ала-Тоо” журналынын жаңы саны мазмуну жагынан абдан кенен жана көп кырдуу болуп чыкты. Анда кыргыз адабиятынын классикалык салты менен заманбап адабий изденүүлөрү айкалышып, окурманга ар түрдүү темадагы чыгармалар сунушталган. Айрыкча проза, поэзия, адабий сын, дүйнөлүк адабият жана илимий-популярдуу эмгектердин топтолушу анын мурдагы руханий салмагын кайра жандантууга болгон аракетти көрсөтүп турат.

Алгачкы сандын өзөгүн прозалык чыгармалар түзөт. Жаңы сан Абдылдажан Акматалиевдин Айтматов тууралуу маеги менен башталып, Чыңгыз Айтматовдун жарыяланбай калган “Өлгөн уул менен жолугушуу” аттуу повести менен уланат. Андан сырткары, Султан Раев, Бейшебай Усубалиев жана Дүйшөмамбет Орозалиев сыяктуу авторлордун аңгемелери орун алган. Бул чыгармалар адам тагдыры, турмуштагы ички драмалар, коом менен адамдын байланышы сыяктуу темаларды камтып, окурманды терең ойго жетелеген адабий мейкиндикти түзөт.
Журналда поэзияга да кеңири орун берилген. Карбалас Бакиров, Нарсулуу Гурбаева, Нуриза Өмүрбаева жана Назикан Мырзабаевалардын ырлары жарыяланган. Бул бөлүмдөн улуттук сезим, сүйүү, мезгил, адамдын ички дүйнөсү жана руханий изденүү сыяктуу темалар көрүнөт.
“Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын чыгармаларынан” деген бөлүм журналдын дүйнөлүк адабиятка да көңүл бурганынан кабар берет. Түрк жазуучусу Орхан Памуктун “Менин атым Кырмызы” романынын берилиши окурманды дүйнөлүк көркөм ой менен байланыштырган маанилүү кадам болгон. Ал эми “Боордош элдер адабияты” бөлүмүндө өзбек жазуучусу Хайридин Султондун аңгемелеринин жарыяланышы түрк дүйнөсүндөгү адабий алакаларды бекемдөөгө багытталганын аңдатат.
Мындан тышкары журналда адабий сын жана илимий-популярдуу макалалар да камтылган. Садык Алахандын макаласында көркөм чыгармаларды талдоо, адабияттагы идеялык-көркөм издөө маселелери көтөрүлөт.
Ал эми илимий-популярдуу адабият бөлүмүндө америкалык окумуштуу, антрополог Жэк Уэзерфорддун “Чыңгызхан жана дүйнөнүн азыркы түзүлүшү” деген китеби окурманды тарыхый жана цивилизациялык ой жүгүртүүгө чакырып, журналдын тематикалык алкагын кеңейткен.
Сандын акыркы бөлүктөрүндө тарых жана эскерүү жанрындагы материалдар берилген. Кыяс Молдокасымовдун тарыхый макаласы мамлекеттүүлүк жана улуттук аң-сезим маселелерине арналса, Каныбек Иманалиевдин Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов тууралуу эскерүүсү адам тагдыры менен мезгил байланышын чагылдырган.
Жалпысынан алганда, “Ала-Тоо” журналынын жаңы саны адабият, тарых, маданият жана руханий дүйнөнү айкалыштырган мазмундуу адабий жыйнак катары окурмандардын кызыгуусун жарата турган деңгээлде даярдалган.
Менин котормом “Ала-Тоодо”
Аталган журналга мен которгон китеп да жарыялана баштады. Б.а. жогоруда айтылган Жэк Уизерфорддун китебин кыргызчага мен которгон элем, эми ал “Ала-Тоо” журналында сандан санга чыга турган болуп, алгачкы бөлүмү жарыяланды. Бул котормо китеп болуп басылып чыга элек, бирок алгач ушул журналга жарыяланганы – ийгиликтин чоң жышааны десем болот. Анткени, кезинде кыргыздын улуу акын жазуучуларынын чыгармаларынын тушоосу да мына ушул журналга жарыяланып кесилген эмеспи.

Китеп эмне тууралуу? Моңголиянын тарыхын 30 жылдан ашык изилдеген окумуштуу-антрополог жана көчмөн уруу элдеринин маданияты боюнча серепчи Жек Уэзерфорддун бул эмгеги дүйнөлүк бестселлер болуп, бир канча жолу кайра-кайра басылган. Автор бардык белгилүү тарыхый булактарды изилдеп, Чыңгызханды баскан жолун өз алдынча саякатка чыгып, адамдар дайыма сыйынган жана дүйнөнү өзгөрткөн инсан тууралуу көптөгөн талаштуу маселелер боюнча уникалдуу материалдарды топтогон.
Ал 1997-жылы Чыңгызхандын урпактары ал тууралуу топтогон уламыштар менен тарыхтар камтылган “Моңголдордун жашыруун тарыхы” (“Монголын нууц товчоо”) изилдей баштайт. Алгач ага байланышкан бардык эпизоддорду, айрыкча Моңголияда, Кытайдын бардык аймагында жана Борбор Азияда болгон окуяларды карап чыгат. Ал тапкан ар бир мааламат кызыктуу болгондуктан, ушул китепти жазганга түрткү болот. Ошентип ал моңгол тарыхын, өзгөчө Чыңгызхандын дүйнөлүк тарыхка тийгизген таасирин изилдөөсү менен дүйнөгө таанылган. 1946-жылы туулган белгилүү америкалык антрополог, профессор жана жазуучу Уэзерфорд АКШнын Миннесота штатындагы Макалестер колледжинин антропология профессору болгон.
А мен ал китептеги окуялар, көчмөндөрдүн жашоо образы биздин турмушубузга окшош болгондуктан жана андай турмушка табиятыбыздын жакындыганын котордум окшойт. Которулуп бүткөндөн кийин Кыргызстанда кыргыз тилинде чыгуусу үчүн автор менен байланышып, автордук укук да алдым. Буйруса, китеп болуп да чыгып калаар.
Баса, бул китеп казак тилине да которулуп, ал жарыкка чыкты. Эң кызыгы – 22-майда Кыргызстанда жаңы чыккан “Ала-Тоо” журналынын бет ачаары Бишкек шаарында өтүп, анын эмгеги кыргыз тилинде жарыяланып атса, ага удаа Казакстанда ошол эле күнү же 22-майда, Алматада автор Жек Уэзерфорд өзүнүн катышуусунда казак тилиндеги китебинин бет ачаары болду.
“Ала-Тоого” Ала тоодой ийгилик!
Ошентип “Ала-Тоо” журналы кайрадан окурман колуна тийип жатканы — кыргыз адабияты үчүн чоң окуя болду. Бул журнал бир кезде Кыргызстандын эң алыскы айылдарына чейин жетип, чабандын кончунда, мугалимдин столунда жүргөн руханий казына болгон. Анын ар бир саны элдин адабиятка болгон суусунун кандырып, жаңы акын-жазуучулардын үнүн окурманга жеткирген. “Ала-Тоо” — кыргыз руханиятынын күзгүсү, улуттук сөз өнөрүнүн мектеби катары бааланып келген. Бүгүн анын кайрадан жарык көрүшү — адабияттын кайрадан дем алып, окурман менен калемгердин ортосундагы алтын көпүрө жаңырып жатканынын белгиси болду.

Белгилей кетсек, журнал 1931-жылы Фрунзеде “Чабуул” деген ат менен чыккан. 1937-1939-жылга чейин ал “Ала-Тоо”, 1942-1956-жылга чейин “Советтик Кыргызстан” деген ат менен, ал эми 1956-жылдан баштап “Ала-Тоо” деген ат менен жарык көргөн.
Журналда адабий сын, эссе, очерк жана кыргыз, орус жана дүйнөлүк адабияттын чыгармалары жарыяланган. 1968-жылга чейин анын тиражы 29 миң нускага жеткен. 1981-жылы журнал “Элдердин достугу” ордени менен сыйланган.
А. Каракозуев,
“Ош жаңырыгы” гезитинин башкы редактору


















