Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – “Манас” эпосу (Манас, Семетей, Сейтек) үчилтигин ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жана “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашыруу боюнча жарлыктарынын алкагында кыргыз жана казак элдеринин маданий алакаларын бекемдеген маанилүү окуя, көрүнүктүү казак жазуучусу, драматург, окумуштуу, манастаануучу Мухтар Ауэзов тууралуу даректүү тасманын расмий бет ачары болуп өттү.
Аталган тасма “Манас” улуттук академиясы менен “Барсбек Глобал” продакшн-компаниясы тарабынан биргелешип тартылып, анда Мухтар Ауэзовдун кыргыз жергесине, айрыкча Ысык-Көл аймагына болгон сапарлары кеңири чагылдырылган. Ошондой эле тасмада анын улуу манасчы Саякбай Каралаев менен жолугушуусу, дүйнөлүк деңгээлдеги жазуучу Чыңгыз Айтматов менен болгон руханий байланыштары, ошондой эле “Манас” эпосун изилдөөгө кошкон зор салымы терең жана мазмундуу баяндалат.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын коомдук, маданий жана илимий чөйрөсүнүн көрүнүктүү өкүлдөрү катышты. Алардын катарында КР Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, “Манас” улуттук академиясынын президенти Назира Аалы кызы, КР Баатыры, коомдук жана мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов, академик, манастаануучу Абдалдажан Акматалиев, КР эл артисти Саламат Садыкова, КР эл акыны Жедигер Саалаев, КР эл жазуучусу Асан Жакшылыков, КР Эмгек Баатыры, ишкер жана коомдук ишмер Аскар Салымбеков, тарыхчы, публицист Кыяз Молдокасымов, жазуучу, драматург, публицист Бактыбек Максүтов, манасчы, КР эл артисти Рысбай Исаков, манасчы, КР эмгек сиңирген артисти Самат Көчөрбаев жана манасчы Замир Баялиев катышты.
1.
2.
3.
4.
5.
6.
7.
8.
9.
10.
11.
12.
13.
14.
15.
16.
17.
18.
19.
20.
21.
22.
23.
24.
25.
26.
27.
28.
29.
30.
31.
32.
33.
34.
35.
Ошондой эле Казакстан Республикасынан Ауэзов атындагы Адабият жана өнөр институтунын “Ауэзов үйү” илимий-маданий борборунун жетекчи илимий кызматкери, филология илимдеринин доктору, профессор Гүлзия Жайлау кызы, ошол эле борбордун директорунун орун басары, PhD доктор Салтанат Амантай кызы, жетекчи илимий кызматкер, филология илимдеринин кандидаты Ермек Ханкей, ошондой эле Евразия улуттук университетинин Кыргыз Республикасындагы филиалынын директору, филология илимдеринин кандидаты, доцент Айнур Рахымберди катышып, эки өлкөнүн маданий-илимий кызматташтыгынын бекемдигин белгилешти.
Иш-чаранын жүрүшүндө баяндамачылар Мухтар Ауэзовдун “Манас” эпосун дүйнөлүк деңгээлде таанытуудагы орду өзгөчө экенин белгилеп, бул даректүү тасма кыргыз-казак достугун дагы да чыңдоого, улуттук мурастарды даңазалоого жана келечек муундарга жеткирүүгө чоң салым кошорун баса белгилешти. Тасма эки элдин ортосундагы тарыхый, маданий жана руханий байланыштарды жаңыча өңүттө ачып берип, көрүүчүлөргө терең таасир калтырды. Бул даректүү тасма жакынкы күндөрү баардык телеканалдардан көрсөтүөт.


















