Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Акжол Махмудов Польшанын Варшава шаарында өтүп жаткан “Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open” атындагы эл аралык турнирде алтын медаль жеңди.
Мелдештер 19-24-июнь күндөрү Польшанын Варшава шаарында өтүп жатат.
77 кг чейинки салмак ченинде күрөшүп жаткан кыргыз балбаны алгач украиналык спортчуну 12:2 эсебинде, андан соң алжирлик спортчуну 9:1 эсебинде, ал эми колумбиялык балбанды 12:1 эсебинде утуп, финалга чыккан.
Аталган турнирде кыргызстандык балбан Үзүр Жусупбеков коло байгеге ээ болду.
Спортчу 97 кг чейинки салмак чен бирдигинде катышып, тилекке каршы биринчи кармашта украиналык балбанга жеңилип калган. Кийинки беттешинде алжирлик спортчуну артта калтырды. Ал эми коло медаль үчүн мелдешин польшалык балбан менен кез келип, 3-орунду багындыра алды.
Турнирге катышып жаткан грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын курамы:
- 60 кг – Жоламан Шаршенбеков;
- 67 кг – Амантур Исмаилов;
- 67 кг – Раззак Бейшекеев;
- 77 кг – Акжол Махмудов;
- 97 кг – Узур Жузупбеков.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын курамы:
- 59 кг – Калмира Билимбек кызы;
- 62 кг – Айсулуу Тыныбекова;
- 68 кг – Мээрим Жуманазарова;
- 76 кг – Айпери Медет кызы.



















