Сириянын Хараб Аль-Джир аймагындагы америкалык аскерий базага ракеталык чабуул жасалганын Ливандын Al-Mayadeen телеканалы булактарга таянуу менен билдирди.
АКШ азырынча бул окуя боюнча комментарий бере элек жана кол салуу үчүн да азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек.
Al-Mayadeen телеканалы америкалык күчтөр ракеталык чабуулдан кийин ага жооп кайтарып, Конико базасынан Дейр-эз-Зордун чет жакасындагы эки айылга – Хувейджа Сакр жана Аль-Джафрага артиллериялык чабуул жасаганын билдирди.
Акыркы айларда Сириядагы америкалык базалар такай ракеталык соккуларга жана учкучсуз учактардын чабуулдарына дуушар болуп келет.
Америкалык аскерлер Сириянын чыгыш жана түндүк-чыгышындагы Дейр-эз-Зор, Аль-Хасака жана Ракка провинцияларындагы Сириянын эң ири мунай жана газ кендери жайгашкан аймактарды мыйзамсыз көзөмөлдөйт.
Расмий Дамаск өз аймагында америкалык аскерлердин болушун ачыктан-ачык мунай уурдоо максатында оккупациялоо жана мамлекеттик каракчылык деп бир нече жолу атаган.

















