АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайдан импорттолгон товарларга киргизилген 145% бажы төлөмү өтө жогору экенин мойнуна алып, аларды төмөндөтүүгө убада берди.
«Биз абдан ыңгайлуу вариантты сунуш кылабыз. Алар да ушундай жооп кайтарышы керек, анан эмне болорун көрөбүз. Бирок, акырындап алар АКШ менен келишимге кол коюуга аргасыз болушат, анткени башкача болсо, Америка менен иш жүргүзө алышпайт», — деди Трамп Ак үйдөгү иш-чарада сүйлөп жатып.
Трамп Кытайдын акыр-аягында АКШ менен соода келишимин түзүүгө аргасыз болорун белгилеп, Вашингтон мындай келишимге даяр экенин кошумчалады.
«Биздин Кытай менен жакшы мамилебиз бар. Менимче, биздин дээрлик бардык өлкөлөр менен жакшы мамилебиз бар, баары АКШ менен мамиле түзүүнү жана соода кылууну каалашат», — деп айтты президент.
Ошондой эле Трамп Кытайга карата колдонулган бажы төлөмдөрү 145% деңгээлинде калбай турганын, бирок ставка нөл болбой турганын баса белгиледи.
«Биз Кытайга жакшы мамиле кылабыз. Мен Кытайдын президенти Си (Цзиньпин) менен мыкты мамиледемин. Бирок алар жылына миллиарддаган доллар тапкан акчалары менен куралдуу күчтөрүн күчөтүп жатышат — бул каражат АКШ аркылуу жана америкалык өндүрүштөн түшүп жатат. Эми андай болбой калат», — деп ишендирди Трамп.
Трамптын «Тескери салыгы» жана соода жаңжалы
2-апрелде президент Дональд Трамп АКШнын тышкы соода өнөктөштөрүнө (жалпысы 185 мамлекет) «тескери бажы төлөмдөрүн» киргизерин жарыялаган.
Анда эң аз базалык бажы төлөмү 10% болот, бирок айрым өлкөлөр үчүн бажы төлөмдөрү соода дефицитинин көлөмүнө жараша өзүнчө эсептелет. Мисалы:
-
Кытай үчүн — 34%,
-
Европа Биримдиги үчүн — 20%.
АКШнын бул чечимине Кытай биринчи болуп жооп кайтарып, АКШ товарларына 34% кошумча бажы төлөмүн киргизген.
Мунун жообу катары Трамп Кытай эгер төлөмдөрдү жойбосо, АКШ дагы кошумча 50% бажы төлөм киргизерин билдирген.
Кытай бул коркутууга жооп катары АКШдан импорттолгон товарларга болгон бажы төлөмдөрүн 84%га чейин көтөргөн.
Соода жаңжалынын натыйжасында:
-
АКШ Кытай товарларына бажы төлөмдөрүн 145%га чейин көтөргөн,
-
Кытай болсо АКШнын товарларына төлөмдөрдү 125%га чейин жогорулаткан.
Ошондой эле АКШ администрациясы башка өлкөлөргө карата кошумча бажы төлөмдөрдүн киргизилишин 90 күнгө жылдырган, бирок Кытайга карата чаралар дароо күчүнө кирген.



















