АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио 2-февралда Панамага болгон сапарында борбордук америкалык бул өлкөнүн президенти Хосе Рауль Мулино менен жолугушууда Панама Кытайдын каналга таасирин азайтуу үчүн чара көрүшү керектигин, болбосо АКШ ага каршы чара көрөрүн эскертти.
France 24 агенттиги маалымдагандай, Рубио АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайдын каналдын аймагында болушу 1999-жылы суу артериясын Панамага өткөрүүгө алып келген келишимди бузду деп эсептегенин айтты. Тараптар кол койгон дагы бир келишимде каналдын туруктуу бейтараптыгын камсыз кылуу каралган.
Анын айтымында, Кытайдын бул каналга болгон “таасири жана көзөмөлү” Кошмо Штаттарды тынчсыздандырат.
Панама каналы – Атлантика жана Тынч океандардын ортосундагы маанилүү суу жолу болуп саналат, ал аркылуу АКШнын контейнердик жүктөрүнүн 40 пайызга жакыны өтөт.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Тэмми Брюс да Рубионун Панаманын президенти Хосе Раул Молино менен болгон жолугушуусунда бул абалдын кабыл алынгыс экенин ачык айтып, эгер тез арада өзгөрүү болбосо, Америка Кошмо Штаттары келишимге ылайык өз укуктарын коргоо үчүн керектүү чараларды көрө турганын билдирди.
Панама бийликтери бул каналдын иштешине көзөмөлдү Кытайга өткөрүп бергенин четке кагууда.
Панаманын президенти АКШнын мамлекеттик катчысы менен жолугушуудан кийин журналисттерге АКШ менен Панаманын ортосундагы келишимге токтолуп: «Азыр келишимге, анын жарактуулугуна же каналды басып алуу үчүн аскердик күчтү колдонуу боюнча реалдуу коркунуч бар деп эсептебейм. Каналдын суверенитети жөнүндө эч кандай маселе жок», – деди.
Рауль Мулино Вашингтондун кооптонуусун жоюу үчүн АКШ менен техникалык деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү сунуштады.
Марко Рубио АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайдын аймактагы таасиринин күчөшүнөн улам Панама каналына байланыштуу статус-квону сактап калууну каалабай турганын айтты.
Трамп Панама каналына америкалык көзөмөлдү калыбына келтирүү ниетин бир нече жолу билдирген. Анын айтымында, америкалык кемелер жана аскердик кемелер канал аркылуу өтүү үчүн өтө ашыкча төлөп жатышат. Мындан тышкары, АКШ президенти Кытайдын каналга таасири бар экенин белгиледи: эки тараптын жүк терминалдарын гонконгдук Hutchison Whampoa Ltd компаниясынын бөлүмү тейлейт.
“Биз аны Кытайга берген жокпуз, Панамага бергенбиз, эми аны кайтарып алабыз”, – деп убада кылган Трамп инаугурациялык сөзүндө.
Панаманын президенти АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен сүйлөшүүлөрдөн кийин өлкөнүн өкмөтү Кытай менен «Бир алкак, бир жол» демилгеси боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумун узартпай турганын билдирди.
Белгилей кетсек, Рубио Панамага келгенге чейин ага каршы бир катар адамдар демонстрацияга чыгып, полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонгон.


















