АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен расмий сапар менен Украинага келгенин УНИАН маалымат агенттиги жазды.
«АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Киевге расмий сапар менен келди», — деп айтылат маалыматта.
«Страна.ua» басылмасынын маалыматына караганда, учурда Украинанын борбордук бөлүгү тосулду. Айрым ЖМКлар күн мурун АКШнын мамлекеттик катчысы Киевге келиши мүмкүн экенин жазышкан. Бирок расмий жарыяланган эмес.
Рейтер маалымдагандай, Блинкен Украинада эки күн болуп, америкалык расмий өкүлдөр Украинанын чабуулунун жүрүшүн талкуулап, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун жакшыртуу чараларына баа беришет.
Bloomberg маалымдагандай, Блинкен Владимир Зеленский, Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба жана премьер-министр Денис Шмыгал менен жолугушат. Блинкендин Зеленский коргоо министри кызматына сунуштаган Рустем Умеров менен жолугары белгисиз.
АКШнын мамлекеттик катчысы бул сапарында Украинага 1 миллиард доллардан ашык суммага жаңы жардам көрсөтөрүн жарыялайт деп күтүлүп жатканын CNN телеканалы Мамлекеттик департаменттин жогорку даражалуу өкүлүнө таянып билдирди.
АКШнын мамлекеттик катчысы башында турган делегация 4-сентябрда кечинде Вашингтондон чыгып, 5-сентябрда Польшага конуп, андан соң Киевге поезд менен келгени маалымдалды. Блинкендин Украинанын баш калаасына мурунку сапары былтыр сентябрда болгон. Анын азыркы сапары Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин АКШга сапарына даярдык көрүлүп жаткан учурга туш келди. Зеленский 19-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөйт.
Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Киевге болгон сапары тууралуу комментарий берип, АКШ согуш абалындагы Украинаны эч кандай акча аябастан, акыркы украиналыкка чейин колдоону мындан ары улантканы жатат деп билдирди.
Ал ошондой эле бул атайын аскердик операциянын жүрүшүнө таасир эте албасын баса белгиледи.