Eurasiatoday
Шейшемби, 17-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

АКШнын мамкатчысы Блинкен Израилге кайра эмнеге барды?

  • Батыш Азия, Эксперттин пикири
  • 16.10.2023 17:27

Loading

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Израилге кайра барды. Ал өлкө премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, деп билдирет CNN телеканалы.

Маалыматта сүйлөшүүлөр жакынкы сааттарда башталары айтылат.

Блинкен Палестина-Израиль чатагы курчуп баратканына байланыштуу 11-15-октябрга чейин Жакынкы Чыгышта болду. Ал сапарын Израилден баштап, андан соң араб өлкөлөрүнө – Иордания, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Аравия, Египет, Бахрейн жана Катарга барып, аймактагы окуяларды талкуулаган.

Тема боюнча

Израиль маалыматтык өнөктүктүн жардамы менен Иранга каршы психологиялык согуш жүргүзүүдө

Израиль маалыматтык өнөктүктүн жардамы менен Иранга каршы психологиялык согуш жүргүзүүдө

17.11.2026

“Agence France-Presse” (AFP) маалымдагандай, Блинкен менен Нетаньяху жолугушуусу Иерусалимде болот.

“The Washington Post” гезитинин жазганына караганда, Блинкен Иерусалимде өлкөнүн президенти Ицхак  Герцог менен да жолугат. АКШнын мамлекеттик катчысы андан соң Тель-Авивге барып, ал жерде Израилдин коргоо министри Йоав Галант жана оппозиция лидери, мурдагы премьер-министр Яир Лапид менен жолугушат.

Мамлекеттик катчы Израилдин Газа тилкесиндеги алдыда боло турган кургактагы операциясын колдоорун жарыялоо, ошондой эле араб мамлекеттеринин жетекчилери менен болгон сүйлөшүүлөдүн жыйынтыгы жөнүндө айтуу ниетинде.

Американын мамлекеттик катчысы буга чейин Израилге 12-октябрда келип кеткен. Анда ал Нетаньяху менен жолугушуп, Израилдин муктаждыктарын талкуулаган. Блинкен сапары алдында АКШ бийлиги Израилдин элин колдой тургандыгын билдирген.

Вашингтон Израилге аскерий жардам көрсөтүүдө. 15-октябрда АКШ Израилге жардам берүү үчүн 2 миллиард доллардан ашык каражат бөлүү ниетин билдирген. Бул пакетте Украинага да жардам көрсөтүү каралган. АКШ президенти Жо Байден Кошмо Штаттары бир эле учурда Украинага да, Израилге да жардам бере аларын, ошол эле учурда “жалпы эл аралык коргонууну” сактай аларын билдирген.

Эске салсак, Блинкен Иорданиядагы сапарынын жүрүшүндө 13-октябрда Палестинанын президенти Махмуд Аббас менен Амман шаарында жолуккан. Сүйлөшүү учурунда Палестина президенти Израилдин Палестина элине каршы агрессиясын токтотуу зарылдыгын баса белгилеп, Газадагы элдин жер которуусуна толук каршылыгын билдирген.

© AFP 2023 / JACQUELYN MARTIN/ АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен менен Палестинанын президенти Махмуд Аббас Аммандагы жолугушууда

Израилдин армиясы буга чейин 13-октябрда Газа тилкесинин түндүгүндөгү палестиналыктарга  жана БУУнун кызматкерлерине Газанын түштүк бөлүгүнө эвакуацияланууга убакыт берген.

Палестинанын лидери Газа тилкесиндеги бардык гуманитардык кызматтардын токтошунан жана жалгыз электрстанциясынын иштебей калышына байланыштуу гуманитардык катастрофа коркунучу бар экенин эскерткен.

Белгилей кетсек, Аббас Палестинанын улуттук боштондук кыймылын (ФАТХ) жетектейт. Палестинадагы араб аймактары эки бөлүккө бөлүнөт: Газа тилкесин ХАМАС, Иордан дарыясынын батыш жээгин ФАТХ көзөмөлдөйт.

Эксперттин пикири

Гуманитардык жана саясий изилдөөлөр эл аралык институтунун эксперти Владимир Брутер  Блинкендин Израилге сапарынын негизги максаты – Газадагы кургактагы операцияны талкуулоо экенин, Вашингтон буга күмөн санаса да, аны ишке ашырууга макул болууга аргасыз болорун буга чейин РИА Новостиге билдирген.

“Блинкендин Израилге сапарынын негизги максаты Газада кургактагы операцияга уруксат берүү. Алар бул маселени чечиши керек. Израиль Газа элин эвакуацияланууга чакырганына караганда, ал кургактан операция жүргүзүүнү талап кылууда”, – деген Брутер. 

Эксперт Кошмо Штаттар кургактагы операциядан күмөн санарын, бирок Вашингтон аны ишке ашырууга макул болууга аргасыз болорун, анткени Израиль үчүн азыркы кырдаалда андан башка чечим жок экенин кошумчалаган.

“Эгер Израиль кургактан операция жасабаса, эл аралык коомдук пикир Израиль (ХАМАСты) талкалаган жок, демек ал алсыз деп эсептеп калат”, – деген Брутер. 

Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы жаңжал

7-октябрда эртең менен Израиль Газа тилкесинен болуп көрбөгөндөй ракеталык чабуулга кабылды. Массалык аткылоодон кийин ХАМАС Израилдин түштүгүндөгү чек ара аймактарына кирип келишкен.

ХАМАСтын аскердик канаты Израилге каршы «Аль-Акса Топон суусу» операциясын жарыялады. Буга жооп катары Израилдин коргонуу күчтөрү Газа тилкесинде «Темир кылыч» операциясын баштаганын жарыялады. Операциядан бир нече күн өткөндөн кийин Израиль армиясы Газа чек арасына жакын жайгашкан бардык конуштарды өз көзөмөлүнө алып, тилкедеги буталарга, анын ичинде жарандык объекттерге каршы абадан сокку ура баштады.

Мындан тышкары, Израиль Газаны толук блокадага алганын жарыялады: суу, азык-түлүк, электр энергиясы, дары-дармек жана күйүүчү май менен камсыздоо токтотулду.

Эки тараптан тең каза болгон карапайым калктын саны миңден ашты, бир нече миң израилдик жана палестиналык жараат алды.

Укук коргоочулар Израилди Газа жана Ливандагы операцияларда тыюу салынган ак фосфорду колдонуп жатканын айтып чыгышты.

13-октябрда Израиль армиясы Газа тилкесинин түндүгүндөгү 1,1 миллион палестиналыкка жана БУУнун кызматкерлерине Газанын түштүк бөлүгүнө эвакуацияланууга 24 саат убакыт берген.

БУУнун баш катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик мындай масштабдагы эвакуация «кыйратуучу гуманитардык кесепеттерсиз мүмкүн эмес» экенин айтып, Израилди бул буйрукту жокко чыгарууга чакырган.

Палестиналык ХАМАС кыймылынын басма сөз кызматынын жетекчиси Салама Маруф Израилдин эвакуация тууралуу эскертүүсү “жарандардын арасында баш аламандык жаратууга жана ички биримдикке зыян келтирүүгө багытталган жалган пропаганданы таратуу” аракети экенин айткан.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: АКШжаңжалИзраильХамасэкспертЭнтони Блинкен
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

АКШ Жакынкы Чыгышта бункерлерди курат

АКШ Жакынкы Чыгышта бункерлерди курат

17.11.2026
Израиль маалыматтык өнөктүктүн жардамы менен Иранга каршы психологиялык согуш жүргүзүүдө

Израиль маалыматтык өнөктүктүн жардамы менен Иранга каршы психологиялык согуш жүргүзүүдө

17.11.2026
Соттук-медициналык эксперт: Джеффри Эпштейн өлтүрүлгөн

Соттук-медициналык эксперт: Джеффри Эпштейн өлтүрүлгөн

17.11.2026
Изилдөө: Трампты колдогон шайлоочулардын 35%ы АКШдагы аралык шайлоого катышкан эмес

Изилдөө: Трампты колдогон шайлоочулардын 35%ы АКШдагы аралык шайлоого катышкан эмес

17.11.2026
Guardian: Израиль палестиналыктарга көз салуу үчүн Amazon компаниясынын технологияларын колдонууда: булут сактагычка 3,5 миллион сүрөт жүктөлгөн

Guardian: Израиль палестиналыктарга көз салуу үчүн Amazon компаниясынын технологияларын колдонууда: булут сактагычка 3,5 миллион сүрөт жүктөлгөн

17.11.2026
Иран күчтөрү Ормуз кысыгынын үстүнөн америкалык MQ-1 дронун атып түшүрдү

Иран күчтөрү Ормуз кысыгынын үстүнөн америкалык MQ-1 дронун атып түшүрдү

17.11.2026
Аракчинин АКШнын коргоо министринин дарегине айткан шылдыңы: Тарыхтан сабак алгыла!

Аракчинин АКШнын коргоо министринин дарегине айткан шылдыңы: Тарыхтан сабак алгыла!

17.11.2026
Израиль Меккеге чабуул жасап, жоопкерчиликти йемендик хуситтерге жүктөөнү көздөгөнбү?

Израиль Меккеге чабуул жасап, жоопкерчиликти йемендик хуситтерге жүктөөнү көздөгөнбү?

16.11.2026
АКШнын авиациялык системасындагы олуттуу мүчүлүштүк: үчүнчү күн катары менен миңдеген каттамдар үзгүлтүккө учурады

АКШнын авиациялык системасындагы олуттуу мүчүлүштүк: үчүнчү күн катары менен миңдеген каттамдар үзгүлтүккө учурады

16.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
214 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.