АКШнын Иранга каршы аскердик операциясынын чыгымы 55 миллиард доллардан ашканын Iran War Cost Tracker порталы билдирүүдө.
Операция башталгандан бери 50 күн өттү. Бул убакытка карата АКШнын чыгымдары 55,9 миллиард долларды түзгөнү порталдын расмий эмес маалыматтарында көрсөтүлгөн.
Бул ресурс маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде жаңыртып, персоналды кармоого, аймакка жөнөтүлгөн кемелерге жана башка кошумча чыгымдарга кеткен каражаттарды эсептейт. Эсептөө ыкмасы Пентагондун Конгресске берген баяндамасына негизделген. Анда алгачкы алты күндүн чыгымы 11,3 миллиард доллар болгону, андан кийин күн сайын бир миллиард доллар сарпталаары айтылган.
АКШнын Аскер-деңиз күчтөрү дүйшөмбү күнү Ормуз кысыгындагы Иран портторуна кирген жана чыккан бардык деңиз каттамдарын блокадага алган. Бул кысык аркылуу дүйнөлүк мунай, мунай продуктылары жана суюлтулган жаратылыш газынын болжол менен 20%ы ташылат.
Вашингтон Иранга тиешеси жок кемелер, эгер Тегеранга өтүү үчүн акы төлөбөсө, Ормуз кысыгы аркылуу эркин өтө аларын билдирүүдө. Иран бийлиги мындай акы киргизилгенин расмий жарыялай элек, бирок мындай пландар тууралуу айткан.
АКШ жана Израиль 28-февралда Иран аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Бул кол салуулардын натыйжасында 3 миңден ашуун адам каза болгон.
8-апрелде Вашингтон менен Тегеран эки жумага ок атышууну токтотууну жарыялашкан. Андан кийин Исламабадда өткөн сүйлөшүүлөр жыйынтыксыз аяктаган.
Ошол эле учурда согуш аракеттери кайра башталганы тууралуу маалымат жок, бирок АКШ Иран портторуна блокада киргизген. Ортомчулар жаңы сүйлөшүүлөр айлампасын уюштурууга аракет кылууда.

















