Омандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Ирандагы ядролук объекттерге жасаган аскердик чабуулдарын «мыйзамсыз агрессия» катары мүнөздөп, кескин айыптады.
Министрликтин билдирүүсүндө региондогу чыңалууну тез арада басаңдатуунун зарылдыгы белгиленди.
Ушундай эле позицияны Сауд Аравиясы да билдирди.
Королдуктун Тышкы иштер министрлиги АКШнын Иранга каршы жасаган аба соккуларын айыптап, кризисти дипломатиялык жол менен чечүү үчүн эл аралык коомчулукту чара көрүүгө чакырды.
Катар да бул чабуулдарга каршы экенин билдирди.
Катар ТИМи билдиргендей, АКШнын Ирандагы ядролук объекттерге жасаган чабуулдары Жакынкы Чыгыштагы чыңалууну кескин күчөтүшү мүмкүн.
«Катар мамлекети Ирандагы ядролук объекттерге чабуул жасалган учурдагы кырдаалдын курчушуна өкүнүү менен карап, Ислам Республикасына жасалган акыркы чабуулдардан кийинки окуяларды терең тынчсыздануу менен байкап турат», — деп айтылат Катар ТИМинин X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө.
Мекеме белгилегендей, «азыркы кооптуу чыңалуу Жакынкы Чыгышта жана эл аралык деңгээлде кайгылуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн».
Египет болсо, регион «хаос жана чыңалуунун тереңдешине» дуушар болушу ыктымал экенин эскертип, «бул кризистен чыгуунун жалгыз жолу — саясий чечимдер жана дипломатиялык сүйлөшүүлөр, аскердик аракеттер эмес» экенин белгиледи.
Ливандын президенти Жозеф Аун болсо, Ирандагы ядролук объекттерге чабуулдардын «региондо жана анын чегинен тышкары да коопсуздук жана туруктуулукка коркунуч жаратышы мүмкүн экенин» айтты.
Түркия да АКШнын Иранга каршы жасаган чабуулдары боюнча тынчсыздануусун билдирип, бул окуялар «регионалдык кагылышууларды глобалдык деңгээлге чейин жеткирүү коркунучун» жаратканын белгиледи.
«Түркия АКШнын Ислам Республикасы Ирандагы ядролук объекттерге чабуулунун мүмкүн болгон кесепеттеринен терең тынчсызданат. Окуялар регионалдык жаңжалдын глобалдык деңгээлге өсүшүнө себеп болушу мүмкүн. Биз бул кайгылуу сценарийдин ишке ашышын каалабайбыз», — деп айтылат Түркия ТИМинин билдирүүсүндө.
Ошондой эле, Түркия билдиргендей, «Израилден башталган конфликттин жайылышы жана коопсуздук кырдаалынын туруксуздануу коркунучу дайыма айтылып келген. Бүгүн, 22-июнда, АКШ Ирандагы ядролук объекттерге чабуул жасап, бул коркунучту эң жогорку деңгээлге чыгарды».
Москванын да позициясы так жана катуу болду.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Ирандагы ядролук объекттерге каршы жасаган чабуулдарын кескин айыптап, бул «бир тараптуу жана жоопкерчиликсиз чечим» экенин, ал БУУнун Уставын жана эл аралык укукту одоно бузарын баса белгиледи.
«Орусия 22-июнга караган түнү АКШ тарабынан Ирандагы бир катар ядролук объекттерге жасалган соккуларды, Израилдин чабуулдарынан кийин болгон аракеттерди, катуу айыптайт», — деп айтылат билдирүүдө.
«Кайсы гана жүйө келтирилбесин, эгемендүү мамлекеттин аймагына ракета жана бомба менен чабуул жасоо боюнча жоопкерчиликсиз чечим эл аралык укукту, БУУнун Уставын жана Коопсуздук кеңешинин токтомдорун одоно бузат», — деп кошумчалады орус ТИМи.


















