Eurasiatoday
Ишемби, 28-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

АКШнын иммиграция кызматкери дагы бир кишини атып, массалык нааразылык акциялары кайрадан тутанды. Видео

  • Америка, Башкы жаңылыктар
  • 26.01.2026 11:12

Loading

АКШда президент Дональд Трамптын иммиграциялык саясаты улам трагедиялуу окуялар жана коомдук каршылык менен коштолууда. Миннеаполис шаарында федералдык иммиграция кызматкерлери дагы бир жаранды атып өлтүргөндөн кийин нааразылык акциялары Миннесота менен чектелбестен, өлкөнүн башка ири шаарларына да жайылды.

Миннеаполисте дагы бир адам атылып өлтүрүлдү

Ишемби күнү, иммиграция полициясынын (ICE) кызматкери тарабынан Рене Макклин Гуд аттуу жаран өлтүрүлгөндөн 17 күн өткөн соң, Миннеаполисте федералдык чек ара кызматынын агенти дагы бир адамды атып өлтүрдү. Бул окуя шаарда нааразылык акцияларынын кайрадан күч алышына себеп болду.

Тема боюнча

Трамп: АКШ Жакынкы Чыгышта мунай үчүн эмес, Израилди коргоо үчүн жүрөт

Трамп: АКШ Жакынкы Чыгышта мунай үчүн эмес, Израилди коргоо үчүн жүрөт

27.11.2026

Миннеаполисте –20 градус суукта миңдеген тургундар АКШ президенти Дональд Трамптын иммиграциялык репрессияларына каршы нааразылык акцияларына чыгышты. Демократиялык партиянын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар федералдык иммиграция кызматтары Миннесота штатынан чыгып кетишин талап кылышты.

Миннесота штатынын губернатору Тим Уолц федералдык агенттер мыйзамсыз миграцияга каршы кеңири операция жүргүзүп жатып, “дагы бир коркунучтуу атышууга” жол бергенин билдирди.

«Мен бүгүн эртең менен болгон дагы бир үрөй учурган атышуу боюнча Ак үй менен сүйлөштүм. Миннесота мындан тажады. Бул — жийиркеничтүү көрүнүш», — деп жазды Уолц.

Курман болгон адам — куралсыз болгон

The New York Times басылмасынын маалыматына караганда, атып өлтүрүлгөн адам — 37 жаштагы Алекс Претти, ардагерлер ооруканасында реанимация бөлүмүндө иштеген медицина кызматкери болгон.

АКШнын Ички коопсуздук министрлиги Претти куралчан болгон деп билдирген. Бирок окуя тартылган видеодо анын колунда пистолет эмес, уюлдук телефон болгону көрүнөт. Күбөлөрдүн айтымында, ICE агенттери аны жерге жыгып, андан кийин кеминде он жолу ок чыгарган.

Нааразылыктар АКШнын башка шаарларына да жайылды

https://kg.eurasiatoday.ru/wp-content/uploads/2026/01/video_2026-01-26_10-23-28.mp4

Преттинин өлүмүнөн кийин ишемби күнү нааразылык акциялары Миннеаполис, Нью-Йорк, Бостон, Провиденс жана Чикаго шаарларында өттү.

Бостондо жүздөгөн адамдар –10 градус суукта жүрүш өткөрүп, “ICEти жоюп, жоопко тартуу”, “ICE OUT”, “Каршылык көрсөт!” деген ураандар жазылган плакаттарды көтөрүштү.

Чикагодо демонстранттар жалпы улуттук иш таштоого чакырган чакырыктарды көтөрүп чыгышты.

Нью-Йоркто Манхэттендеги Юнион-скверде чогулган нааразычылар: «Биз ICEке чыдабайбыз!» — деп ураан чакырышты.

Рене Гуддун өлүмү жана 5 жаштагы баланын кармалышы

Январь айынын башында ICE агенттери Миннеаполисте 37 жаштагы Рене Макклин Гудду атып өлтүргөн. Бул окуядан кийин шаарда массалык нааразычылыктар башталган.

Андан көп өтпөй Миннесотада ICE полициясы 5 жаштагы баланы атасы менен кошо кармаган. Лиам аттуу бала жана анын атасы учурда Техастын Сан-Антонио шаарындагы кармоо борборунда кармалып турушат. Беш жаштагы Лиам Конехо Рамос атасы менен сабактан кийин үйүнө жакын жерде кармалган. ICE кызматкерлери баланы унаадан чыгарып, үйдүн кире беришине алып барып, эшикти каккылап, ичинде башка адамдар бар-жогун текшерүүнү буйрушкан. Окуя бала мектептен кайтып келе жаткан учурда болгон. Бул окуя коомчулукта катуу нааразылык жаратты.

Коламбия-Хайтс мектеп округунун жетекчиси Зена Стенвик болгон окуяга нааразычылыгын билдирип, беш жаштагы баланы кармоонун кандай зарылдыгы бар экенин, аны кооптуу кылмышкер катары көрүү акылга сыйбай турганын билдирген. Мектеп округу бул аракеттерди баланы «курал катары колдонуу» деп аташты.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: ICEАКШМиннеаполиснааразылык акциясы
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Бийликти алмаштыруу же Иранды куралсыздандыруу: Трамп чындыгында эмнеге жетишүүнү көздөп жатат?

Бийликти алмаштыруу же Иранды куралсыздандыруу: Трамп чындыгында эмнеге жетишүүнү көздөп жатат?

27.11.2026
Трамп: АКШ Жакынкы Чыгышта мунай үчүн эмес, Израилди коргоо үчүн жүрөт

Трамп: АКШ Жакынкы Чыгышта мунай үчүн эмес, Израилди коргоо үчүн жүрөт

27.11.2026
Ирандык генералдын Кытайга күтүүсүз сапары: Вашингтон үчүн кооптуу белгиби же шашылыш сүйлөшүүлөрбү?

Ирандык генералдын Кытайга күтүүсүз сапары: Вашингтон үчүн кооптуу белгиби же шашылыш сүйлөшүүлөрбү?

26.11.2026
Италиялык гезит: Ирандын кемесине Украина сокку урган болушу мүмкүн

Италиялык гезит: Ирандын кемесине Украина сокку урган болушу мүмкүн

26.11.2026
АКШлык белгилүү журналист Трампка: «Согушту кайра баштасаңыз, чоң ката кетиресиз» деп эскертти

АКШлык белгилүү журналист Трампка: «Согушту кайра баштасаңыз, чоң ката кетиресиз» деп эскертти

25.11.2026
АКШда жеңил моторлуу учактын кыйрашынан алты адам каза болду

АКШда жеңил моторлуу учактын кыйрашынан алты адам каза болду

25.11.2026
Ормуз кысыгындагы деңиз миналарынын тузагы: алты кеме өрттөндү

Ормуз кысыгындагы деңиз миналарынын тузагы: алты кеме өрттөндү

25.11.2026
Иран АКШга эскертүү берди: кийинки соккулар мурдагыдан да күчтүү болуп, географиялык чектөөлөрсүз жасалат

Иран АКШга эскертүү берди: кийинки соккулар мурдагыдан да күчтүү болуп, географиялык чектөөлөрсүз жасалат

25.11.2026
Япония АКШ армиясына аэропортун пайдаланууга уруксат берген жок

Япония АКШ армиясына аэропортун пайдаланууга уруксат берген жок

24.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
224 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.