Өткөн жумада Израил Иранга соккуларды баштаганда, Иран Ислам Республикасынын ядролук программасына байланыштуу эскертүүлөрдү да айткан. Израил бул программа өзөктүк курал алуу жагынан «кайтарылгыс чекке» жакындап калганын жана мындай натыйжага жол бербөө үчүн соккулар зарыл экенин билдирген.
Бирок CNN агенттиги билдиргендей, АКШнын чалгын кызматы башка жыйынтыкка келген. Төрт булагынын маалыматына ылайык, Иран азыркы учурда өзөктүк курал алуу аракетин жүргүзүп жаткан жок жана курал өндүрүү жана аны максатка жеткирүү мүмкүнчүлүгүнө дагы үч жыл бар.
Азыр болсо, Израилдин бир нече күндүк аба соккуларынан кийин, америкалык чалгын кызматкерлери Ирандын ядролук программасы болгону бир нече айга артка сүрүлгөнүн билдиришүүдө.
Израил Натанз шаарындагы ирандык ядролук объектке олуттуу зыян келтиргенине карабастан, Фордо шаарындагы бекем корголгон экинчи байытуучу объект дээрлик жабыркаган эмес.
Аскердик эксперттердин баамында, Израил Фордону талкалоого жөндөмсүз, андай чабуул үчүн атайын америкалык курал жана абадан колдоо талап кылынат.
Учурда Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) Израилдин Ирандын ядролук инфраструктурасына келтирген зыянын баалоо ишин жүргүзүп жатканда, талдоочулар арасында кооптонуулар пайда болду. Алардын айтымында, бул чабуул Иранды чындап эле өзөктүк курал өндүрүүгө түртүшү мүмкүн — муну Иран буга чейин, АКШ чалгын кызматынын пикири боюнча, жасаган эмес.



















