Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Америка Кошмо Штаттарынан Бишкекке 25 кыргыз жараны атайын каттам менен депортация болгондугун маалымдады.
Маалыматка караганда, алар АКШнын миграциялык мыйзамдарын бузгандыгына байланыштуу мекенге кайтарылган.
АКШнын мыйзамдарында көрсөтүлгөн депортация тартибине жараша, эми аларга бул өлкөгө кирүүгө 5, 10, 15 жылга же биротоло тыюу салынышы мүмкүн. Эгерде жарандар өлкөгө мыйзамсыз түрдө кайра кирүүгө аракет кылса, алар кылмыш жоопкерчилигине кириптер болушу ыктымал.
“Жогоруда көрсөтүлгөн кесепетттерге жол бербөө максатында, АКШ аймагында мыйзамсыз жүргөн кыргызстандыктарды өз ыктыяры менен өлкөдөн чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырат.
Ошондой эле, АКШга барууну пландап жаткан кыргыздарга бул жагдайларды эске алууга, миграциялык мыйзамдардын талаптарын так сактоого жана зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине өз убагында кайрылууга үндөйт”, – деп айтылат билдирүүдө.
9 – августь күнү Кыргызстандын АКШдагы элчиси Айбек Молдогазыев 45 кыргызстандыктын АКШдан депортациялоо боюнча чечим кабыл алынгандыгын “Акипресс” агенттигине билдирген. Анын айтымына караганда, Кыргызстандын жарандарын депортациялоонун негизги себеби – АКШда мыйзамсыз жүрүү, анын ичинде тиешелүү уруксатсыз кирүү же визанын жарактуу мөөнөтүн бузуу болуп саналат.
Эске сала кетсек, ушул жылдын июнь айында АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы 36 өлкөнүн жарандарына өлкөгө кирүүгө тыюу салуу же чектөө маселесин караган.
Визага тыюу салууга, чектөөлөргө дуушар болушу мүмкүн болгон өлкөлөрдүн жаңы тизмесине Африканын 25 өлкөсү, Түштүк Судан, Сирия жана башка бир катар мамлекеттердин катарында Кыргызстандын дагы аты аталган.
Анда АКШнын мамлекеттик департаменти тизмеге кирген өлкөлөрдү аныктап, алар 60 күндүн ичинде белгиленген критерийлерге жана талаптарга жооп бербесе, өлкөгө кирүүнү толук же жарым-жартылай токтотууну сунуш кылышы мүмкүндүгү айтылган.
Бирок бул маселелер боюнча сөз чыккандан бери Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Америка тарап менен бир катар жолугушууларды өткөрүп келе жатат.















