АКШдан Коста-Рикага депортацияланышы пландалган 10 өзбек жараны ушул аптада Нью-Йорк-Ташкент каттамы аркылуу Өзбекстанга келет.
Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ахрор Бурханов билдирди.
Буга чейин бул жарандарды Коста-Рикага жөнөтүү пландалып, бирок алар мекенине кайтуу каалоолорун билдиришкен.
Ахрор Бурхановдун айтымында, Өзбекстандын АКШдагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү Өзбекстандын жарандарын мекенине коопсуз депортациялоо үчүн Американын укук коргоо органдары менен тыгыз кызматташып жатат.
Кала берсе дипломатиялык кызматтар кайсы жерде болбосун, өз жарандарына колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин буга чейин билдирип келишкен.
Үстүбүздөгү жылдын 24-февралында Өзбекстанга Нью-Йорк-Ташкент каттамы боюнча да жети жаран келген.
Министрликтин басма сөз катчысы билдиргендей, АКШ ар бир депортациялоо фактысы боюнча маалымат берет.
Коста-Рика буга чейин АКШдан депортацияланган 200 жаранды, анын ичинде Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан жана Индиянын жарандарын кабыл алууга макул болгон.
Буга чейин АКШ Өзбекстандын 970тен ашык жаранын депортациялоону пландап жатканы, ар кайсы өлкөлөрдөн депортацияланган чет элдиктердин жалпы саны 1,4 миллиондон ашканы маалымдалган.
Эскерте кетсек, АКШнын президенти Дональд Трамп президенттик кызматка киришери менен миграциялык абалды жөнгө салуу үчүн өлкөнү мыйзамсыз жүргөн мигранттардан тазалоону баштаган.

















