5-ноябрда АКШда президенттик шайлоо өттү. Овал кабинети үчүн азыркы вице-президент Камала Харрис менен мурдагы президент Дональд Трамп ат салышууда.
Трамп президенттик жарышта жеңишке жетишүү үчүн маанилүү штаттарда демократ Камала Харристен озуп, алдыда келе жатат.
Дональд Трамп жети “селкинчек” штаттарда: Пенсильвания, Түндүк Каролина, Мичиган, Висконсин, Жоржия, Аризона жана Неваду тең алдыда келе жатат.
CNN билдиргендей, “селкинчек” штаттардагы добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары:
- Аризона штатында Трамп 49,8% добушка, Демократиялык партиянын талапкери Камала Харрис 49,3% добушка ээ болду, бюллетендердин 52%ы саналды;
- Жоржияда: Трамп – 50,7%, Харрис – 48,4%, бюллетендердин 93%ы саналды;
- Мичиганда: Трамп – 51,3%, Харрис – 46,9%, бюллетендердин 44%ы саналды;
- Невада штатында: Трамп – 73%, Харрис – 26,2%, бюллетендердин 2%ы саналды;
- Пенсильванияда: Трамп – 51,2%, Харрис – 47,7%, бюллетендердин 83%ы саналды;
- Түндүк Каролинада: Трамп – 50,8%, Харрис – 47,8%, бюллетендердин 90%ы саналды;
- Висконсинде: Трамп – 50,8%, Харрис – 47,6%, бюллетендердин 75%ы саналды.
“Селкинчек” штаттар – республикачылар менен демократтарды колдоо болжол менен бирдей болгон штаттар. Аларда жеңишке жетүү шайлоо жарышы үчүн чечүүчү болушу мүмкүн.
АКШда президент түз добуш берүү жана штаттар боюнча бөлүнгөн шайлоочулардын коллегиясы аркылуу шайланат. Коллегияга кирген жалпы шайлоочулардын саны – 538, талапкердин жеңиши үчүн 270тен кем эмес добуш алуу керек.
Ошентип Трамп учурда жеңиш үчүн зарыл болгон 270 добуштун ичичнен 230 добушту камсыздап койду, камала Харрис болсо 182 добуш топтоду.


















