АКШда кыргызстандык жаранга кол салуу болгондугун Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тастыктап, азыр бул иш көзөмөлдө экендигин билдирди.
Окуянын чоо-жайына токтоло кетсек, АКШнын Лос-Анжелес штатында жергиликтүү өспүрүмдөрдүн тобу Кыргызстандын жаранына кол салышкан. Алар кыргызстандык мигрант Шайлообек Базарбай уулунун машинасын талкалап, өзүн сабашкан.
Бул кол салуудан кыргызстандык жарандын буту сынган жана буюм-тайымы, паспорт, капчыгынан бери уурдашкан.
Окуянын күбөсү болгон АКШ жараны Жанет Гарсиа Шайлообекти куткарып калган. Бул окуя боюнча видое да бар экендиги жарыяланды. Бирок, АКШнын полициясы хулигандарга эч кандай чара көргөн эмес.



















