АКШ президенти Дональд Трамптын союздашы, Украинага аскердик жана каржылык жардамды токтотууга чакырып келген таасирдүү консервативдик активист Чарли Кирк Юта өрөөнү университетинде студенттер менен жолугушуу учурунда ок жеп, каза болду. Бул тууралуу Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагында билдирди.
«Улуу, чыныгы легендарлуу Чарли Кирк бул дүйнөдөн кетти. АКШда эч ким жаштарды анын деңгээлинде түшүнүп, сезген эмес. Аны баары жакшы көрчү, баалачу — айрыкча мен. Эми ал биз менен эмес. Мелания экөөбүз анын кереметтүү жубайы Эрикага жана бүт үй-бүлөсүнө терең кайгыруу билдиребиз. Чарли, биз сени ар дайым жакшы көрөбүз!», — деп жазды Трамп.
Активистке кол салган шектүү киши кармалды. Associated Pressтин маалыматына ылайык, ал улгайган эркек киши, бирок бийлик анын ким экенин азырынча ачыктаган жок. Университет жетекчилиги курман болгон жалгыз киши Чарли Кирк экенин тактады.
Окуя болгон жерге ФБР кызматкерлери жөнөтүлдү. Инцидентке АКШнын көптөгөн саясатчылары бат реакция кылышты. Вице-президент Жей Ди Вэнс Киркти «чыныгы жакшы адам» деп атады. Ошондой эле Юта штатынын сенатору Майк Ли, коргоо министри Пит Хегсет жана Калифорниянын губернатору Гэвин Ньюсом да жылуу пикирлерин билдиришти.
31 жаштагы Чарли Кирк — 2012-жылы негизделген Turning Point USA уюмунун негиздөөчүсү жана аткаруучу директору болгон. Уюм өзүн эркин рынокту, чакан өкмөттү жана «салттуу баалуулуктарды» колдогон студенттик кыймыл катары таанытып келет жана учурда өлкө боюнча 3500дөн ашык кампуста иш алып барат. Кирк ошондой эле популярдуу The Charlie Kirk Show подкастынын алып баруучусу болуп, 2024-жылы Республикачылар партиясынын улуттук съездинде сүйлөгөн Трамптын көрүнүктүү тарапкери катары белгилүү болгон.
Активист өзүнүн орусиячыл билдирүүлөрү менен да белгилүү болчу. Ал Украинага кандай гана болбосун жардам берүүгө каршы чыгып, Вашингтонду Киевге аскердик курал-жарактарды жеткирүүлөрдү токтотууга жана Москва менен мамилелерди калыбына келтирүүгө чакырып келген. УНИАН агенттигинин маалыматы боюнча, Кирк ачык эле Кремлдин саясатын жайылтып, Владимир Зеленскийди «ЦРУнун марионеткасы» деп атап, Украинанын чыгыш аймактары «тарыхый жактан Россияга таандык» деген билдирүүлөрдү жасаган.
Кирктин Ютага визити American Comeback Tour турунун алкагында өтүп жаткан. Ал студенттер менен «менин туура эмес экенимди далилде» форматындагы дебаттарды өткөрүүнү пландаган. Анын бул иш-чарасы нааразылыктарды жараткан — тиешелүү петицияга 800дөн ашык адам кол койгон.


















