Бүгүн, 8-январда Американын Миннеаполис штатында аялдын өлтүрүлүшүнөн кийин массалык нааразылык акциялары болууда.
Миннеаполис шаарында АКШнын Иммиграция жана бажы кызматынын (ICE) операциясы учурунда каза болгон аялдын өлүмүнө байланыштуу массалык нааразылык акциясы башталды. Бул тууралуу Fox News телеканалы окуя болгон жерден тартылган кадрларды жарыялап билдирди.
Журналисттердин маалыматына ылайык, нааразылыкка чыккан адамдар полиция кызматкерлерин жана ICE агенттерин райондон сүрүп чыгарып, аларды кар топтору менен уруп, кызматтык унааларга зыян келтиришкен. Митингге катышкандардын бири АКШнын мамлекеттик желегин өрттөгөн.
Өз кезегинде Миннесота штатынын губернатору Тим Уолц болгон окуяны кылдат жана ар тараптуу текшерүү зарылдыгын билдирди.
Буга чейин Миннеаполисте АКШнын Иммиграция жана бажы кызматынын агенти автоунаа айдап бараткан аялды атып өлтүргөнү белгилүү болгон. Маалыматтарга караганда, агенттер шаарда иммигранттарга байланыштуу операцияларды жүргүзүп жатышкан. 37 жаштагы аял, болжол менен, «укук коргоо органдарынын кызматкерлерин өлтүрүү максатында аларды сүзүп кетүүгө аракет кылып, автоунаасын курал катары пайдаланган».
Өткөн жылдын аягында АКШнын Иммиграция жана бажы полициясы нейротармактын жардамы менен тартылган, мигранттарды депортациялап жаткан Санта-Клаус тууралуу видеороликти жарыялаган.

















