АКШнын Океандык жана атмосфералык изилдөөлөр боюнча улуттук башкармалыгы (NOAA) Калифорниянын жээгинде бул штатта 7 баллдык жер титирөө катталгандан кийин цунами коркунучу бар экенин жарыялады, деп жазат ТАСС.
Эскертүү Калифорниянын түндүгүнө, анын ичинде Сан-Франциско шаарына, ошондой эле кошуна Орегон штатынын жээгине тиешелүү.
АКШнын Геологиялык кызматынын (USGS) маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу Атлантика океанында, Петролиа шаарынан (Калифорния) 63 км батышта болгон. Очогу 0,6 км тереңдикте болгон.
Жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат жок.

















