АКШда бензиндин орточо баасы галлонуна (3,79 л) $4,39га жетип, Иран менен ок атышууну токтотуу жарыялангандан берки эң чоң бир күндүк өсүштү көрсөттү. Бул тууралуу күйүүчү май рыногун мониторинг кылган маалыматтарга таянып NBC News телеканалы билдирди.
Ошол эле учурда согуш башталгандан бери этил кошулбаган бензиндин орточо баасы 47%дан ашык өстү, ал эми мунай быйыл болжол менен 80%га кымбаттады. Баалардын мындан ары өсүшү АКШ президенти Дональд Трамп Иран портторуна коюлган блокаданы сактап калуу ниетин билдиргенине байланыштуу күчөдү.
Мындан тышкары, Citi аналитиктери эгер Ормуз кысыгы июнь айынын аягына чейин жабык бойдон калса, Brent маркасындагы мунайдын баасы баррелине $150га чейин көтөрүлүшү мүмкүн экенин эскертишүүдө.


















