Америка Кошмо Штаттары менен Сауд Аравиясы жалпы суммасы болжол менен 142 миллиард доллар болгон «тарыхтагы эң ири курал-жарак келишимине» кол коюшту.
АКШ президенти Дональд Трамп Жакынкы Чыгыштагы сапарынын алкагында Сауд Аравиясына барып, ал жактан 600 миллиард долларлык инвестициялык милдеттенмелерди алганын жарыялады.
Ак үйдүн билдирүүсүндө бул келишимдер АКШнын энергетикалык коопсуздугун, коргонуу өнөр жайын, технологиялык лидерлигин жана дүйнөлүк инфраструктура менен маанилүү кен байлыктарга жеткиликтүүлүгүн бекемдейт деп айтылат.
Ошондой эле, бул келишимдер эки өлкө үчүн тарыхый жана трансформациялык мүнөзгө ээ болуп, АКШ менен Сауд Аравиясынын өнөктөштүгүндө жаңы “алтын доорду” баштай турганы белгиленет.
Маалыматка ылайык, Сауд Аравиясы АКШнын коргонуу компанияларынан заманбап аскер техникасын жана кызмат көрсөтүүлөрдү алат. Келишим төмөнкү беш категорияны камтыйт:
-
Аскердик-аба күчтөрүн жана космостук мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү,
-
Аба жана ракетадан коргонуу,
-
Деңиз жана жээк коопсуздугу,
-
Чек ара коопсуздугу жана кургактагы аскер күчтөрүн модернизациялоо,
-
Маалыматтык жана байланыш системаларын жаңылоо.
«Бул келишим АКШ системалары жана даярдыгынын негизинде Сауд Аравиясынын коргонуу жана аймактык коопсуздугуна ири инвестиция болуп саналат», — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан тышкары, келишим Сауд Аравиясынын куралдуу күчтөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу үчүн комплекстүү окутуу жана колдоо программаларын да камтыйт.


















