Eurasiatoday
Жекшемби, 29-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

АКШ жана Израилдин Иранга соккуларына дүйнөлүк реакция

  • Аналитика
  • 01.03.2026 09:30

Loading

Ишемби күнү таң эрте АКШ менен Израиль Иранга каршы  аскердик сокку ургандан кийин дүйнөнүн ар тарабынан реакциялар дароо эле чыкты. Tehran Times басылмасынын маалыматына ылайык, буга чейин болуп көрбөгөн мындай согуш эл аралык коомчулуктун эсин оодарды  жана кеңири аймактык жаңжал чыгып кетиши мүмкүн деген кооптонууларды күчөтүүдө.

Дүйнө лидерлери жана эл аралык уюмдар биргелешкен соккуларды кескин айыптап, дароо ок атууну токтотууга жана дипломатияга кайтууга чакырышты. Ошол эле учурда айрым америкалык саясатчылар жана алардын өнөктөштөрү бул соккуларды коргоп чыгышып, аларды Иран тараптан болгон коркунучтарга жооп катары зарыл чара деп аташты. Тегеран бул айыптоолорду бир нече жолу четке кагып, өз аракеттери коргонуу мүнөзүндө экенин жана эгемендүү укуктарына ылайык жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи.

АКШ

Тема боюнча

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

28.11.2026

Сенаттагы көпчүлүктүн лидери Жон Тун президент Дональд Трампты, анын айтымында, Ирандан чыккан ачык коркунучтарга каршы аскердик чара көргөнү үчүн мактады.

Анын айтымында, Тегеран АКШ жана Израил сокку урганга чейин администрация сунуш кылган «дипломатиялык мүмкүнчүлүктөрдөн баш тарткан».

Өкүлдөр палатасынын спикери Майк Жонсон Иран азыр «өзүнүн кара ниет аракеттеринин олуттуу кесепеттерине туш болуп жатат» деп билдирди.

Бул билдирүүлөр Иран менен АКШ келерки жумада Вена шаарында сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын өткөрүүнү пландап жаткан учурда жасалды.

Ошол эле учурда Вирджиния штатынан сенатор, Сенаттын чалгындоо комитетиндеги башкы демократ Марк Уорнер АКШ жана Израилдин соккулары «олуттуу юридикалык жана конституциялык суроолорду жаратат» деп билдирди.

«Конституция так: өлкөнү согушка киргизүү чечимин Конгресс кабыл алат. Айрыкча АКШга түздөн-түз коркунуч жок учурда ири масштабдагы аскердик операцияларды баштоо олуттуу укуктук жана конституциялык суроолорду жаратат», — деди ал ишемби күнү.

Россия

Россиянын Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасап, АКШ менен Израилдин Иранга соккуларын айыптап, аларды «ойлонулбаган кадам» жана «атайын пландалган, себепсиз куралдуу агрессия актысы» деп атады.

Россиянын мурдагы президенти Дмитрий Медведев да соккуларды айыптап: «Тынчтык орнотуучу кайрадан өз жүзүн көрсөттү», — деди.

Ал өз сөзүнө мындай деп кошумчалады: «Иран менен болгон бардык сүйлөшүүлөр — бул жөн гана калкалоо операциясы. Муну баары түшүнгөн. Чынында эч ким чыныгы макулдашууга жетүүнү каалаган эмес».

Ошол эле учурда «Росатом» мамлекеттик корпорациясы Ирандан 94 адам эвакуацияланганын, бирок кызматкерлер «Бушер» АЭСинде кала бергенин билдирди. «Росатомдун» башкы директору Алексей Лихачёв ядролук объектилер «эч кандай шартта бута болбошу керек» экенин айтып, жарандык ядролук инфраструктурага сокку уруунун чоң коркунучтарды жаратарына көңүл бурду.

Европа Биримдиги

ЕБдин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кая Каллас «Жакынкы Чыгыштагы акыркы окуялар кооптуу» экенин айтып, маселенин дипломатиялык жолдорун табуу үчүн араб өнөктөштөрү менен аракеттер координацияланып жатканын билдирди.

Ал Израилдин тышкы иштер министри менен сүйлөшкөнүн жана ЕБдин консулдук тармагы жарандарды өлкөдөн чыгарууга көмөктөшүп жатканын кошумчалады. «ЕБдин зарыл эмес кызматкерлери аймактан чыгарылууда», — деди ал.

Улуу Британия

Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер ишемби күнү эртең менен өзгөчө кырдаалдар боюнча өкмөттүк комитеттин жыйынын өткөрдү.

«Биз кырдаалдын кеңири аймактык жаңжалга айланышын каалабайбыз», — деди өкмөт өкүлү.

Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлиги саякат боюнча сунуштарын жаңыртып, Израилге жана Палестина аймактарына барбоого чакырды, ал эми Жакынкы Чыгыштагы башка өлкөлөрдө жүргөн британ жарандарына «дароо турган жеринде калууну» сунуштады.

Ошол эле учурда Улуу Британиядагы «Реформалар» партиясынын лидери Найджел Фараж Стармерди АКШ менен Израилдин кампаниясына кошулууга чакырды.

«Премьер-министр биздин аскердик базаларды пайдалануу боюнча позициясын кайра карап чыгып, Иранга каршы бул маанилүү күрөштө америкалыктарды колдоого алышы керек!» — деп жазды ал X тармагында.

Консервативдик партиянын лидери Кеми Баденох да соккуларды колдоду.

Бирок Лейбористтер партиясынан жогорку даражадагы депутат, Тышкы иштер комитетинин төрайымы Эмили Торнберри Улуу Британия жаңжалга аралашпашы керектигин эскертти.

BBC Radio 4 каналындагы Today программасында ал америка-израилдик соккуларды мыйзамдуу деп эсептебей турганын айтты.

«Менин билишимче, биз буга катышкан жокпуз. Улуу Британия буга макулдук берген эмес жана ошондой болушу керек деп эсептейм. Бул үчүн мыйзамдуу негиз бар деп ойлобойм», — деди ал.

Испания

Испаниянын премьер-министри Педро Санчес АКШ менен Израилдин «бир тараптуу» аскердик аракеттерин айыптап, алар кооптуу кырдаалды жаратат жана туруксуз эл аралык тартипке өбөлгө түзөт деп билдирди.

Ал X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө Ирандын жооп чараларын да сынга алды, бирок «дароо деэскалацияны жана эл аралык укуктун толук сакталышын» талап кылды. Иран тарап болсо өз аракеттерин өзүн-өзү коргоо укугуна ылайык жана пропорционалдуу деп атады.

Франция

Франциянын президенти Эммануэль Макрон АКШ, Израиль жана Иран ортосунда согуш башталса, бул эл аралык тынчтык жана коопсуздук үчүн олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин эскертти.

Ал зарыл болгон учурда Франция «жакын өнөктөштөрүн коргоо үчүн керектүү ресурстарды» берүүгө даяр экенин айтты.

Макрон ошондой эле БУУнун Коопсуздук кеңешинин шашылыш жыйынын өткөрүүгө чакырды.

Норвегия

Норвегиянын тышкы иштер министри Эспен Барт Эйде Израилдин Иранга жасаган алгачкы соккусу эл аралык укукту бузганын билдирди.

«Израиль бул чабуулду алдын алуучу сокку деп атады, бирок ал эл аралык укуктун нормаларына жооп бербейт. Алдын алуучу сокку үчүн түздөн-түз коркунуч болушу керек», — деди ал. Иран да мындай түз коркунуч болбогонун билдирүүдө.

Бириккен Улуттар Уюму

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Тюрк Израиль менен АКШнын соккуларына жана Ирандын жооп чараларына байланыштуу өкүнүчүн билдирди.

«Кандай гана куралдуу жаңжал болбосун, акыры жарандар жабыркайт. Бомбалар жана ракеталар пикир келишпестиктерди чечүүнүн жолу эмес — алар өлүмгө, кыйроого жана адамдардын азапка түшүүсүнө алып келет», — деди ал.

Ал тараптарды сабырдуулукка, деэскалацияга жана сүйлөшүүлөргө кайтууга чакырды.

Кызыл Кресттин Эл аралык комитетинин президенти Мирьяна Сполярич да бардык тараптарды согуш эрежелерин сактоого жана «жаңы өлүмдөрдү жана кыйроолорду» алдын алуу үчүн саясий эрк табууга чакырды.

Ал Жакынкы Чыгышта аскердик абалдын курчушун «кооптуу чынжыр реакциясы» жүрүп жатканын эскертип, бул жарандык калк үчүн апааттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин айтты.

Оман

Омандын тышкы иштер министри Бадр Альбусаиди, АКШ менен Ирандын ортосундагы кыйыр сүйлөшүүлөргө ортомчу болуп келген, X тармагында АКШ менен Израилдин соккуларына «кабатырланып жатканын» билдирди.

«Активдүү жана олуттуу сүйлөшүүлөр дагы бир жолу үзгүлтүккө учурады. Бул АКШнын кызыкчылыктарына да, дүйнөлүк тынчтык ишине да жооп бербейт. Мен жабыркай турган күнөөсүз адамдар үчүн дуба кылам», — деди ал.

«АКШны мындан ары биздин аймакка аралашпоого чакырам. Бул сиздердин согуш эмес».

Ирандын жооп чаралары

Катардын эмири Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы менен сүйлөшүп, акыркы окуялар жана алардын аймактык жана эл аралык коопсуздукка таасири тууралуу пикир алмашты. Эки тарап тең кырдаалдын курчушун «дароо токтотуу» жана сүйлөшүүлөргө кайтуу зарылдыгын белгилешти.

Бириккен Араб Эмираттары өз аймагындагы америкалык базаларга Иран жасаган ракеталык соккуларды айыптап, аларды эл аралык укуктун «одоно бузулушу» деп атады жана мындай аракеттер улана берсе «олуттуу кесепеттер» болорун эскертти. Тегеран болсо соккулар чабуулдарга катышкан аскердик объектилерге гана багытталганын билдирди.

Пакистан

Тышкы иштер министри Исхак Дар «Иранга карата негизсиз чабуулдарды кескин айыптап», кырдаалдын курчушун дароо токтотууга жана кризисти сүйлөшүүлөр аркылуу тынч жол менен жөнгө салууга чакырды.

Малайзия

Малайзия Иранга жасалган чабуулдарды жана алардын артынан аймак боюнча, анын ичинде Сауд Арабиясында, Бахрейнде, БАЭде, Кувейтте жана Катарда болгон жооп соккуларды кескин айыптады.

Малайзиянын Тышкы иштер министрлиги бул аракеттер эгемендүүлүк жана аймактык бүтүндүк принциптерин, ошондой эле БУУнун Уставында бекитилген күч колдонууга тыюу салуу нормаларын бузат деп билдирди.

Билдирүүдө мындай бир тараптуу аскердик чаралар буга чейин эле туруксуз аймакты андан ары дестабилдештирип, жарандык калктын өмүрүнө коркунуч жаратышы мүмкүн экени айтылат. Ушул оор учурда бардык тараптар эң жогорку сабырдуулукту көрсөтүп, талаш-тартыштарды эл аралык укукту толук сактоо менен диалог жана дипломатия жолу аркылуу чечиши керек экени баса белгиленди.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: АКШ менен Израилдин Иранга чабуулуиран
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Катардын мурдагы премьер-министри Ирандын катышуусунда Перс булуңунун саммитин өткөрүүнү жана «Перс булуңунун НАТОcун» түзүүнү сунуштады

Катардын мурдагы премьер-министри Ирандын катышуусунда Перс булуңунун саммитин өткөрүүнү жана «Перс булуңунун НАТОcун» түзүүнү сунуштады

28.11.2026
Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

28.11.2026
Бийликти алмаштыруу же Иранды куралсыздандыруу: Трамп чындыгында эмнеге жетишүүнү көздөп жатат?

Бийликти алмаштыруу же Иранды куралсыздандыруу: Трамп чындыгында эмнеге жетишүүнү көздөп жатат?

27.11.2026
Кувейтте дрон чабуулунан Италиянын эки жараны каза тапты. Иран бул окуяга катыштыгын четке какты

Кувейтте дрон чабуулунан Италиянын эки жараны каза тапты. Иран бул окуяга катыштыгын четке какты

27.11.2026
Иран  өзөктүк программасын токтотууну көздөбөйт

Иран  өзөктүк программасын токтотууну көздөбөйт

27.11.2026
Ирандык генералдын Кытайга күтүүсүз сапары: Вашингтон үчүн кооптуу белгиби же шашылыш сүйлөшүүлөрбү?

Ирандык генералдын Кытайга күтүүсүз сапары: Вашингтон үчүн кооптуу белгиби же шашылыш сүйлөшүүлөрбү?

26.11.2026
Тегеранда үй-бүлөлөрдү коргонууга даярдоочу борбор ишке кирди. Сүрөт

Тегеранда үй-бүлөлөрдү коргонууга даярдоочу борбор ишке кирди. Сүрөт

26.11.2026
Италиялык гезит: Ирандын кемесине Украина сокку урган болушу мүмкүн

Италиялык гезит: Ирандын кемесине Украина сокку урган болушу мүмкүн

26.11.2026
Баяс Турал: «Шахнаме — улуу поэзия гана эмес, улуу тарых дагы» 

Баяс Турал: «Шахнаме — улуу поэзия гана эмес, улуу тарых дагы» 

26.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

28.11.2026
Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
224 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.