АКШнын президенти Дональд Трамп 1-июлдан тарта Сирияга каршы 2004-жылдан бери колдонулуп келген санкциялык режимди алып салуу боюнча буйрукка кол койду. Америкалык лидердин бул аракети Сириянын стабилдүүлүгүнө жана тынчтык жолун илгерилетүүсүнө, ошондой эле колдоого багытталган.
Бул маалымат Ак үйдүн расмий сайтында жарыяланганын lenta.ru агенттиги жазды.
“Айрым товарларга экспорттук көзөмөлдү жеңилдетүүгө мүмкүндүк берет жана Сирияга тышкы жардамга чектөөлөрдү алып салат”,-деп айтылат маалыматта.
Буга чейин, ушул жылдын май айында Евробиримдик Сирияга каршы экономикалык санкцияларды расмий түрдө алып салган. Тизмеден Сириянын Борбордук банкы жана мунай өндүрүү жана пахтаны кайра иштетүү тармагында иштеген компаниялар да чыгарылган.
Ошондой эле Сирия аба жолдорун, бир нече банктарды, анын ичинде Борбордук банкты жана жүк ташуу компанияларын санкция тизмесинен чыгарып, сириялык мунай компаниясы Sytrol жана башка энергетика тармагындагы уюмдар менен бүтүмдөрдү бекитти.
Эскерте кетсек, өткөн айда АКШнын президенти Сириянын лидери Ахмед аш-Шараа менен жолугушкан. Анда Трамп өлкөгө каршы санкциялар алынып салынганын жарыялаган.
Ал Сириянын жаңы бийликтерин айрым шарттарды аткарууга чакырып, Сириянын кошуналары, анын ичинде АКШ, Израил өлкөлөрү менен мамилени нормалдаштыруу керектигин билдирген.
Кошумчалай кетүүчү нерсе, Сирияга каршы ондогон жылдардан бери киргизилген санкцияларды алып салуу боюнча талкуу өлкөнүн мурдагы президенти Башар Асад бийликтен кулатылгандан кийин башталган.

















