АКШнын Мамлекеттик департаменти Сингапурга орто аралыкка учуучу AMRAAM авиациялык ракеталарын жана ага тиешелүү жабдууларды 133 миллион долларга сатууга уруксат берди, деп билдирди Пентагон.
“Мамлекеттик департамент Сингапурдун өкмөтүнө “аба-аба” классындагы орто аралыкка учуучу (AMRAAM) AIM-120C-8 авиациялык ракеталарын жана ага тиешелүү жабдууларды 133 миллион долларга сатууну жактырган аныктама чыгарды”, – деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.
Келишимдин алкагында Сингапур 54 даана AIM-120C-8 ракетасын жана анын жабдууларын, анын ичинде тетиктерди жана программалык камсыздоону алат деп күтүлүүдө.
Пентагондоен белгилешкендей, сунушталган сатуу Азиядагы саясий стабилдүүлүк жана экономикалык прогресс үчүн маанилүү күч болуп саналган стратегиялык өнөктөштүн коопсуздугун жогорулатуу аркылуу АКШнын тышкы саясатын жана улуттук коопсуздук максаттарын колдойт.
АКШ Сингапурдун маанилүү коопсуздук өнөктөшү болуп саналат. Эки өлкө 2004-жылы коргонуу, кибер коопсуздук, климаттын өзгөрүшү, космос, ошондой эле өнүгүп келе жаткан технологиялар тармагында кызматташуу боюнча эркин соода келишимине кол коюшкан.

















