АКШ Сенаты президент Дональд Трамптын Иранга карата аскердик ыйгарым укуктарын чектөөгө багытталган резолюцияны четке какты. Бул тууралуу CBS News билдирди.
Документти тиешелүү комитеттен чыгарып, андан ары кароого өткөрүү үчүн 47 сенатор добуш берди, ал эми 48и каршы болду.
Демилгени дээрлик бардык демократтар, ошондой эле төрт республикачы — Сьюзан Коллинз, Билл Кэссиди, Лиза Мурковски жана Рэнд Пол колдошту. Каршы добуш берген жалгыз демократ сенатор Жон Феттерман болду.
Резолюциянын автору демократ сенатор Рафаэль Уорнок болгон.
Документке ылайык, эгер Конгресс согуш жарыялоо же аскердик күч колдонууга атайын уруксат берүү аркылуу макулдук бербесе, президент АКШ аскерлерин Ирандагы же Иранга каршы багытталган согуштан чыгарып кетүүгө милдеттүү болмок.
Добуш берүү АКШ менен Ирандын ортосунда түзүлгөн келишимдин чоо-жайын ачыктоо талаптары күчөгөн учурда өттү. Келишимдин тексти азырынча жарыялана элек.
Иран менен АКШ 15-июнга караган түнү меморандум боюнча иштер аяктаганын расмий түрдө тастыкташкан. Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча Жогорку кеңешинин катчылыгы Тегеран менен Вашингтон өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун текстин даярдоо иштерин толугу менен аяктаганын ырастаган.
Документке 19-июнда Швейцарияда кол коюлушу күтүлүүдө.
Иран тараптын билдирүүсүнө ылайык, меморандум бардык багыттардагы аскердик аракеттерди токтотууну, анын ичинде Ливандагы жаңжалды да жөнгө салууну карайт. Мындан тышкары, Иранга карата деңиз блокадасы дароо жана толугу менен жоюлат.


















