Америкалык демократ-сенаторлор тобу Газа тилкесинде ок атышпоо келишимине жетишүү үчүн Трамптын администрациясын Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга кысым көрсөтүүгө чакырды.
Демократтар Жек Рид, Дик Дурбин, Жинн Шейхин, Марк Уорнер, Крис Кунс жана Брайан Шац өз билдирүүсүндө: “Биз Трамптын администрациясын премьер-министр Нетаньяхуну Израил менен ХАМАС ортосунда ок атышпоо келишимине жетишүүгө шыктандыруу үчүн толук таасирин колдонууга чакырабы”, – деп айтылат.
Сенаторлор ошондой эле аймактагы гуманитардык жардамдын көлөмүн көбөйтүү жана аны эл аралык көзөмөл астында бөлүштүрүүнүн ишенимдүү механизмдерин камсыз кылуу зарыл деп эсептешет. Ошол эле учурда алар Газадагы жардам бөлүштүрүүчү гуманитардык фондду реформалоону же жабууну, жардам көрсөтүүнү координациялоону БУУнун текшерилген структураларына өткөрүп берүүнү сунуш кылышты.
Саясатчылар ошондой эле Трамптын администрациясын Нетаньяхуну Газа тилкесин “согуштан кийинки жөнгө салуу” планын иштеп чыгууга көндүрүүгө үндөштү, ага ылайык, “ХАМАС бийликти сактап калбайт, Израил Батыш жээкти аннексиялоодон баш тартат жана аймактык интеграцияны бекемдейт, реформаланган Палестина бийлиги түзүлөт жана регионалдык өнөктөштөр реконструкцияга катышат.
2025-жылдын 2-мартында Израил Газага азык-түлүк, күйүүчү май жана башка маанилүү ресурстарды киргизүүнү токтото баштаган. Дээрлик 80 күндөн бери БУУ жана анын гуманитардык өнөктөштөрү анклавга азык-түлүк жеткире албай жатышат, ал тургай жеткирүү кайра башталгандан кийин да абал курч бойдон калууда. Ушул аптада 100дөн ашык бейөкмөт уюмдар калктын төрттөн үч бөлүгү катастрофалык ачарчылыкка туш болуп жатканын эскертишкен.

















