Eurasiatoday
Жума, 27-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

АКШ Сауд Арабиясынан дипломаттарын тез арада чыгарат: Сауд Арабиясында кырдаал курчуп жатабы?

  • Америка, Батыш Азия, Эксперттин пикири
  • 22.10.2026 13:32

Loading

Жакынкы Чыгыш боюнча эксперт Хоссейн Мохаммади Сауд Арабиясындагы кырдаалга токтолуп, АКШнын дипломаттарын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн өлкөдөн чыгаруу маселеси падышалыктын ичиндеги оор абалга байланыштуу болушу мүмкүн экенин божомолдоду.

Анын пикиринде, АКШнын Мамлекеттик департаменти өз кызматкерлерин жана дипломаттардын үй-бүлөлөрүн Батыш Азия өлкөлөрүнөн мүмкүн болушунча тез арада чыгып кетүүгө чакырганы тууралуу маалымат тараган. Бирок эксперт бул билдирүү, негизинен, Сауд Арабиясындагы оор кырдаалга байланыштуу АКШнын аталган өлкөдөгү элчиликтерин эвакуациялоо маселесине тиешелүү экенин белгиледи.

Мохамадинин айтымында, бул кабардын маанилүүлүгү Сауд Арабиясындагы ички кырдаалдын өтө татаалдашып кеткенинде. Ал Сауд бийлиги саясий, коопсуздук, социалдык жана экономикалык тармактарда олуттуу кризиске туш болгонун белгиледи. Ал АКШ өз жарандарын гана эмес, дипломаттарын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн да өлкөдөн тез арада чыгып кетүүгө чакырып жатканына көңүл бурду.

Тема боюнча

Ирандык генералдын Кытайга күтүүсүз сапары: Вашингтон үчүн кооптуу белгиби же шашылыш сүйлөшүүлөрбү?

Ирандык генералдын Кытайга күтүүсүз сапары: Вашингтон үчүн кооптуу белгиби же шашылыш сүйлөшүүлөрбү?

26.11.2026

Эксперттин пикиринде, Йемен армиясынын кеңири масштабдагы чабуулдары жана Сауд династиясына каршы күчтөрдүн жанданышы падышалыктын бийлигине кошумча басым жаратууда. Анын белгилешинче, учурдагы кырдаалга нааразы болгон күчтөрдүн активдешүүсү Сауд режиминин абалын барган сайын татаалдаштырышы мүмкүн.

Мохаммади Бин Салмандын үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн чет өлкөлөргө көбүрөөк ыктап жатышы, ошондой эле сарайлар менен стратегиялык экономикалык жана саясий борборлорду коргоого өзгөчө көңүл бурулушу бийликтин ичиндеги ишенимсиздиктин күчөп жатканын көрсөтөт деп эсептейт. Анын айтымында, учурда бийликке ким, кандай жол менен жана кандай каражаттарды колдонуу аркылуу каршы чыгышы мүмкүн экенин айтуу кыйын. Ошол эле учурда ал Сауд Арабиясынын ички саясий абалын өтө оор деп мүнөздөдү.

Мохаммади йемендик хуситтердин чалгындоо кызматы акыркы айларда Сауд Арабиясынын айрым ханзаадалары, айрыкча Салман бин Абдулазиздин бир туугандарынын балдары менен атайын байланыштарды түзгөнү тууралуу маалыматтарга да токтолду. Анын билдиришинче, бул байланыштардын жүрүшүндө аларга Мухаммед бин Салманды бийликтен четтетүүгө жана Йемендеги согуштан абройду сактоо менен чыгып кетүүнүн жолун табууга жардам берүү сунушталган. Бул жагдай Сауд Арабиясынын башкаруучу үй-бүлөсүндө айрым мүчөлөрдүн камакка алынышына себеп болгон. Бирок өлкөдөгү ички окуялар боюнча катуу маалыматтык чектөөлөр сакталып тургандыктан, бул жагдай тууралуу кеңири маалыматка ээ адамдар аз.

Эксперт Бин Салмандын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн египеттик кызматкерлер тандалып алынганы жана анын жалпыга маалымдоо каражаттарынын алдында мурдагыга караганда сейрек көрүнүп калганы тууралуу маалыматтарды да белгиледи. Анын айтымында, америкалык маалымат каражаттары ханзааданын өз сарайларынын ортосунда жашыруун түрдө көчүп жүргөнү тууралуу кабарларды таратышкан. Бул маалыматтар АКШнын чалгындоо кызматтарындагы булактардан, анын ичинде жакында Эр-Риядга жайгаштырылган Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (ЦРУ) жаңы тобунан алынган болушу мүмкүн.

Мохаммадинин пикиринде, бул жагдайлар йемендик хуситтерге каршы согуштагы ийгиликсиздиктер жана Сауд Арабиясынын экономикалык жана мунай инфраструктурасына жасалган чабуулдары падышалыктын стратегиялык активдеринин олуттуу бөлүгүнө зыян келтирип, экономикалык жана финансылык кризисти тереңдеткен. Эксперт бул факторлор Сауд Арабиясындагы кырдаалдын канчалык татаалдашканын түшүнүүгө мүмкүндүк берерин белгиледи.

Сөзүнүн соңунда Хоссейн Мохаммади америкалык дипломаттардын Сауд Арабиясынан чыгып кетүүгө чакырылышына өзгөчө көңүл бурду. Анын айтымында, бул көрүнүштү акыркы жылдары Сауд Арабиясынын экономикасында жана аскердик тармагында иштеп келген америкалык мунай жана технологиялык компаниялардын миңдеген инженерлери менен адистеринин жумуш орундарын таштап кетүүгө аргасыз болуп жатканы тууралуу маалыматтар менен бирге кароо зарыл. Ал мындай жагдайларды Мухаммед бин Салман үчүн олуттуу тынчсызданууну жараткан белги катары баалады.

(Автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт).

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: АКШдипломаттарСауд Аравия
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Трамп: АКШ Жакынкы Чыгышта мунай үчүн эмес, Израилди коргоо үчүн жүрөт

Трамп: АКШ Жакынкы Чыгышта мунай үчүн эмес, Израилди коргоо үчүн жүрөт

27.11.2026
Ирандык генералдын Кытайга күтүүсүз сапары: Вашингтон үчүн кооптуу белгиби же шашылыш сүйлөшүүлөрбү?

Ирандык генералдын Кытайга күтүүсүз сапары: Вашингтон үчүн кооптуу белгиби же шашылыш сүйлөшүүлөрбү?

26.11.2026
Италиялык гезит: Ирандын кемесине Украина сокку урган болушу мүмкүн

Италиялык гезит: Ирандын кемесине Украина сокку урган болушу мүмкүн

26.11.2026
АКШлык белгилүү журналист Трампка: «Согушту кайра баштасаңыз, чоң ката кетиресиз» деп эскертти

АКШлык белгилүү журналист Трампка: «Согушту кайра баштасаңыз, чоң ката кетиресиз» деп эскертти

25.11.2026
АКШда жеңил моторлуу учактын кыйрашынан алты адам каза болду

АКШда жеңил моторлуу учактын кыйрашынан алты адам каза болду

25.11.2026
Ормуз кысыгындагы деңиз миналарынын тузагы: алты кеме өрттөндү

Ормуз кысыгындагы деңиз миналарынын тузагы: алты кеме өрттөндү

25.11.2026
Иран АКШга эскертүү берди: кийинки соккулар мурдагыдан да күчтүү болуп, географиялык чектөөлөрсүз жасалат

Иран АКШга эскертүү берди: кийинки соккулар мурдагыдан да күчтүү болуп, географиялык чектөөлөрсүз жасалат

25.11.2026
Эмне үчүн Сауд Арабиясы хуситтерди аскердик жактан жеңүүдө кыйынчылыкка туш болууда?

Эмне үчүн Сауд Арабиясы хуситтерди аскердик жактан жеңүүдө кыйынчылыкка туш болууда?

24.11.2026
Япония АКШ армиясына аэропортун пайдаланууга уруксат берген жок

Япония АКШ армиясына аэропортун пайдаланууга уруксат берген жок

24.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
223 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.