АКШ Ооганстан паспортторунун бардык ээлерине виза берүүнү токтотту. Бул тууралуу ишемби күнү өлкөнүн мамлекеттик катчысы Марко Рубио Ак үйдүн жанындагы ок атуунун фонунда билдирди.
“АКШ президенти Дональд Трамптын Мамлекеттик департаменти ооган паспорттору менен саякаттаган бардык адамдарга виза берүү процессин токтотту. Кошмо Штаттар үчүн өлкөбүздүн жана элибиздин коопсуздугунан маанилүү приоритет жок”, — деп жазды ал X социалдык тармагында.
Буга чейин АКШнын иммиграция кызматы Ооганстан жарандарына байланышкан иммиграциялык арыздарды кароо мөөнөтсүз токтотулганын билдирген. Бул чечим Вашингтондогу Улуттук гвардия кызматкерлерине жасалган кол салуудан кийин кабыл алынды.
26-ноябрда теги оогандык Ак үйдөн бир нече жүз метр аралыкта улуттук гвардиянын кызматкерлерине револьверден ок чыгарган. Андан эки адам жаракат алган. Кийинчерээк 20 жаштагы гвардиячы Сара Бекстрем каза болуп, дарыгерлер анын 24 жаштагы кесиптешинин өмүрү үчүн күрөшүп жатышат.
АКШ президенти Дональд Трамп окуяны террордук акт деп атады. Бул иш федералдык укук коргоо органынын кызматкерине кол салуу жана терроризм беренеси боюнча иликтенет. АКШнын башкы прокурору Пэм Бонди жабырлануучулардын кайсы бири каза болгон учурда иш оор берене менен квалификацияланып, шектүүгө өлүм жазасын талап кылууга мүмкүн болорун билдирди.















