Киев менен Вашингтон пайдалуу кен байлыктарды биргелешип казып алуу жана Украинаны калыбына келтирүүгө инвестициялык фонд түзүү боюнча келишимге кол коюшту.
Бул келишимге кол коюу тууралуу АКШнын Каржы министрлиги жана Украинанын вице-премьер-министри Юлия Свириденко билдиришти.
«Президент Трамптын туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу боюнча тынымсыз аракеттеринин аркасында, бүгүн АКШ менен Украинанын ортосунда экономикалык өнөктөштүк боюнча тарыхый келишимге кол коюлганын кубануу менен билдирем. Бул келишимдин алкагында Америка-Украина калыбына келтирүү инвестициялык фонду түзүлөт», — деди АКШнын каржы министри Скотт Бессент.
«АКШнын каржы министри Скотт Бессент менен бирге АКШ-Украина Калыбына келтирүү инвестициялык фондун түзүү боюнча келишимге кол койдум», — деп жазды Украина вице-премьер-министри Юлия Свириденко Facebook баракчасында.
Анын айтымында, бул фонд Украинага дүйнөлүк инвестицияларды тартууга көмөк көрсөтөт.
Свириденко белгилегендей, негизги шарттарга ылайык, Украина толук ээлик кылуу жана көзөмөл жүргүзүү укугун сактап калат — мамлекет өзү кен казыла турган жерди аныктайт, жер казынасы Украинанын менчигинде калат.
Мындан тышкары, АКШ менен Украинанын өнөктөштүгү тең укуктуу негизде болот — фонд 50/50 үлүштө түзүлөт, жана эч бир тарап чечүүчү добушка ээ болбойт.
Келишимде мамлекеттик компаниялардын менежменти же менчиктештирүү процесстери өзгөртүлбөйт. “Укрнафта” жана “Энергоатом” сыяктуу ишканалар мамлекеттик менчикте калат.
Документте Украина тараптын АКШ алдында кандайдыр бир карыздык милдеттенмелери жөнүндө эч нерсе айтылган эмес. Келишимдин ишке ашырылышы эки өлкөнүн тең экономикалык потенциалын арттырып, инвестициялар аркылуу тең укуктуу кызматташтыкты күчөтүүгө шарт түзөрү белгиленди.
Келишим Украинанын Конституциясына толук шайкеш келет жана өлкөнүн Европа интеграция курсун өзгөртпөйт.
18-апрелде Киев менен Вашингтон ресурстар боюнча келишим түзүү ниети жөнүндө меморандумга кол коюшкан. Анда тараптар келишимге жетишүү боюнча ишти тездетүүнү макулдашкан. Бир беттен турган документте 2022-жылы Украинада согуш башталгандан бери АКШ тарабынан көрсөтүлгөн кеңири каржылык жана материалдык жардам белгиленип, тынчтык орнотуу жана эки өлкөнүн өнөктөштүгүн бекемдөө максаты көрсөтүлгөн. Ошондой эле, анын алкагында калыбына келтирүү инвестициялык фондун түзүү ниети камтылган.



















