Түштүк Корея менен АКШ 23-25-апрелде Гавайи штатынын Гонолулу шаарында биргелешкен коргонуу чыгымдарын бөлүштүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасын өткөрдү.
Бул тууралуу Yonhap агенттиги АКШнын Мамлекеттик департаменттин улук кеңешчиси жана коопсуздук келишими боюнча башкы сүйлөшүүчүсү Линда Спечтке шилтеме берип билдирди.
Маалыматка караганда, бул келишим эки өлкөнүн ортосундагы “Атайын чаралар жөнүндө макулдашуунун” он экинчи мөөнөтү болуп саналат.
Бул сүйлөшүүлөр Корей жарым аралынын түштүгүнө америкалык контингентти жайгаштыруу үчүн Сеулдун төлөмүнүн өлчөмүн аныктоо максатында жүргүзүлөт. Учурдагы алты жылдык “Атайын чаралар жөнүндө макулдашуунун” мөөнөтү келерки жылдын аягында бүтөт.
Америкалык башкы сүйлөшүүчү Кошмо Штаттар менен Корея Республикасы бул жолугушуунун он экинчи айлампасында өздөрүнүн тийиштүү көз караштарын белгилешкенин кошумчалады.
“Биздин биргелешкен коргонуу позициябызды бекемдөө боюнча милдеттенмебиз АКШ менен Түштүк Корея союзунун туруктуулугун баса белгилейт. Биз “Атайын чаралар жөнүндө макулдашуунун” 12-айлампасынын алкагында альянсты мындан ары чыңдоо жана колдоо үчүн зарыл болгон учурда консультацияларды улантабыз”, – деп белгиледи ал.
Сүйлөшүүлөрдүнг алдында Линда Спечт Кошмо Штаттар сүйлөшүүлөрдө адилеттүү жана бирдей жыйынтыкка жетишүүгө умтуларын билдирген.
Белгилей кетсек, 1991-жылдан бери Корея Республикасы атайын келишим боюнча Вашингтонго АКШ аскерлерин Түштүк Кореяда кармоого кеткен чыгымдардын бир бөлүгүн төлөп келет.
Америкалык аскерлер Түштүк Кореяда 1950-1953-жылдардагы Корея согушунан кийин жайгаштырылган. Пхеньян бир нече жолу тынчтык келишимине кол коюуну жана АКШнын аскерий контингентин Түштүк Кореядан чыгарууну талап кылган, бирок Вашингтон “Түндүктөн келчү коркунуч” деген шылтоо менен буга макул болбой келет.


















