АКШнын сенаторлору жана Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү Израилдин Сириядагы чабуулдарына жооп кайтарып, Дамаскта туруктуулуктун зарылдыгын белгилешти.
Türkiye Gazetesiнин маалыматына ылайык, АКШнын сенатору Жин Шахин (демократ), сенатор Жони Эрнст (республикачы) жана Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Жо Уилсон (республикачы) биргелешкен билдирүү жасап, Израилди айыпташты.
«Сирия өлкөнү 14 жылдан ашуун кыйнаган зомбулук менен жаңжалды жеңип чыгууга жана ийгиликке жетүүгө мүмкүнчүлүк алышы керек», — деп билдиришти конгрессмендер. «Израилдин кечээги Сирияга жасаган туруксуздаштыруучу чабуулдары бул максатка жетүүнү дагы да татаалдаштырууда».
Демократ Шахин жана республикачылар Эрнст менен Уилсон жакында Сирияга болгон сапарын эскерип, алар өлкөгө каршы АКШ санкцияларын алып салууну колдой турганын жана Дамаск администрациясына туруктуулук зарыл экенин айтышты.
Конгрессмендер мындай деп баса белгилешти: «Биз Израилди бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, дароо согуш аракеттерин токтотууга чакырабыз. Ошондо сириялыктар жана атайын өкүл Том Барак жетишкен прогресс улантылышы мүмкүн. Туруктуу жана коопсуз Сирия — ДАИШ коркунучун чектөөнүн жалгыз жолу».
Эске салсак, 27-августта израилдик учкучсуз аппараттардын Дамасктын четиндеги Кусва районундагы чабуулунун кесепетинен алты сириялык аскер каза болгон. Баштапкы чабуулдан кийин Израил армиясы Кусвадагы Мани тоосуна көп жолу абадан сокку урган.


















