Америка Кошмо Штаттары мыйзамсыз иммиграция менен күрөшүн улантып, президент Дональд Трамп өлкөнү коопсуз, күчтүү жана гүлдөп-өнүккөн мамлекетке айландыруу үчүн иммиграция мыйзамдарын ишке ашырууда.
Буга байланыштуу АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.
Анын айтымында, Америка Кошмо Штаттарына жаран мыйзамсыз кирүүгө аракет кылса, виза алуу үчүн жалган маалымат берсе, мыйзамсыз иштесе же виза мөөнөтү бүткөндөн кийин АКШда калып калса жазага тартылат. Бул кадамдардын жыйынтыгы камоо, депортациялоо жана АКШ визасын алууга биротоло тыюу салууну камтышы мүмкүн.
«Кээ бир адамдар Америка Кошмо Штаттарына жашыруун кирип, байкалбай калышы мүмкүн деп эсептешет. Бул туура эмес. Трамптын администрациясы чек арадагы коопсуздукту күчөттү жана мыйзамсыз иммигранттарды камакка алуу жана депортациялоо чараларын көрүү менен олуттуу мамиле жасап жатат»,- деди Лесли Вигери.
Элчи кошумчалагандай, кээ бир жарандар системаны алдаганга аракет кылып, жалган документтерди колдонуп, арыздарына жалган билдирүү жасап же визасынын мөөнөтү бүткөндөн кийин АКШда калып калышууда. Бул визалык көз боёмочулуктун мисалы жана оор кылмыш деп эсептелет.
АКШ элчилигинин жана мамлекеттик департаментинин веб-сайттары АКШ визасынын талаптары жана арыз берүү процесси тууралуу маалыматтын жалгыз расмий булагы болуп саналат.
2025-жылдын февраль айында чек араны мыйзамсыз кесип өткөндөрдүн саны 2024-жылдын февраль айына салыштырмалуу 94%га азайса, АКШга чек араны мыйзамсыз кесип өткөндөрдүн кармалганы 627%га өскөн.
Эскерте кетсек, АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жакында эле мыйзамсыз иммиграцияны токтотууга жардам бербеген чет элдик чиновниктерге, анын ичинде иммиграция, бажы жана порттордун кызматкерлерине визаларды чектөө боюнча жаңы саясатты жарыялады.















