АКШнын Ирандын Кешм аралына жасаган чабуулунда турак үй жабыркап, эки адам урандылардын алдында калганын Press TV телеканалы билдирди.
«АКШнын соккусу Кешм аралындагы турак үйгө жасалды. Куткаруучулар урандылардын алдында калган эки адамды издөө иштерин улантууда», — деп айтылат Press TV телеканалынын Telegram-каналындагы билдирүүдө.
Кийинчерээк IRNA агенттиги урандылардын алдында калган эки адам тең табылып, ооруканага жеткирилгенин маалымдады.
30-июлга караган түнү АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы (CENTCOM) Иранга каршы соккулардын жаңы толкуну башталганын билдирген.
Кийинчерээк CENTCOM АКШнын Куралдуу күчтөрү Иранга каршы кезектеги сокку уруулар толкунун аяктаганын маалымдады. Командачылыктын билдирүүсүнө ылайык, соккулар Ислам Республикасындагы ондогон буталарга багытталган.
«CENTCOM күчтөрү Ирандагы Ислам революциясынын сакчылар корпусуна таандык ондогон объектилерге сокку урду. Алардын арасында аскердик башкаруу борборлору, ракеталык жана учкучсуз курал-жарак объектилери, жээктеги байкоо жана коргонуу посттору, ошондой эле деңиздеги аскердик объектилер бар», — деп жазды АКШнын Борбордук командачылыгы X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө.



















