Axios: АКШ Иранга жолугушууга даяр экенин кыйытты.
Түркия, Египет жана Катар АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф менен Ирандын жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн ортосунда ушул жуманын аягында Анкарада жолугушуу уюштуруу үстүндө иштеп жатышат, деп жазат Axios.
АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы бир нече канал аркылуу Иранга жолугушууга жана келишим түзүүнү талкуулоого ачык экенин билдирген. Бул тууралуу Axios басылмасына америкалык жогорку даражалуу чиновник маалымдады.
Түркия, Египет жана Катар — буга чейин АКШ менен бирге Израиль менен ХАМАСтын Газа секторунда ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрүндө ортомчу болгон өлкөлөр — Трамптын өкүлү Стив Уиткофф менен ирандык жогорку даражалуу чиновниктердин Анкарада жолугушуусун уюштурууга аракет кылып жатышат. Бул тууралуу Axios эки булагына таянып билдирди. Бул үч өлкө АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөр аймактык согуштун алдын алат деп үмүттөнүшүүдө.
Ак үйдөн билдиришкендей, америкалык лидер Иранга сокку уруу боюнча акыркы чечимди али кабыл ала элек жана дипломатиялык жол менен чечүүгө ачык бойдон калууда. Ошол эле учурда Вашингтондо Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи америкалык тарапка ылайыктуу боло турган келишимге макул болобу же жокпу — белгисиз экенин чиновниктер белгилешти. Басылманын маектештеринин айтымында, Катар, Египет жана Түркия эки тарап менен тең сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аракеттерин координациялап жатышат.
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи CNN телеканалына берген маегинде «достук мамиледеги өлкөлөр» Вашингтон менен Тегерандын ортосунда ишенимди бекемдөөгө аракет кылып жатканын айтып, бул аракеттерди «жемиштүү» деп атады.
«Эгер америкалык сүйлөшүүчүлөр президент Трамптын көрсөтмөлөрүн аткарып, адилеттүү жана тең укуктуу келишимге жетүүгө жана өзөктүк куралдын жоктугуна кепилдик берүүгө умтулушса, дагы бир сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин көрүп турам», — деди ал.
Ишемби күнү Катардын премьер-министри Мохаммед бин Абдулрахман бин Джассим Аль Тани Тегеранга барып, Хаменейинин жакын санаалашы, Ирандын Улуттук коопсуздук жогорку кеңешинин катчысы Али Лариджани менен жолугушту. Ошол эле учурда Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси Ирандын президенти Масуд Пезешкиан менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аны америкалык тарап менен сүйлөшүүгө макул болууга чакырды. Андан бир күн мурда Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан ирандык кесиптешин кабыл алып, америкалыктар менен мүмкүн болуучу жолугушуунун ордун жана күн тартибин талкуулаган.
«Мен алар кандайдыр бир кабыл алууга боло турган макулдашууга келишет деп үмүттөнөм… Өзөктүк куралсыз жана башка шарттар менен алгылыктуу келишим түзө алышат. Алар муну кылышы керек. Алар муну жасайбы же жокпу — билбейм. Бирок алар биз менен сүйлөшүп жатышат. Чындап эле олуттуу сүйлөшүп жатышат», — деди Трамп ишемби күнү кечинде Air Force One учагында журналисттерге.
Жекшемби күнү Хаменеи АКШ Иранды «жутуп алуу» жана анын табигый ресурстарын басып алуу ниетинде деп билдирди. «Эгер америкалыктар согушту баштаса, бул жолу ал аймактык масштабдагы согуш болот», — деп эскертти Ирандын жогорку лидери.



















