Eurasiatoday
Ишемби, 28-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

АКШ Газанын чек арасына жакын ири аскердик база курууну пландап жатат — Shomrim

  • Америка
  • 11.11.2025 15:22

Loading

АКШ Газа секторуна жанаша жайгашкан Израилдин Отеф-Азза районунда чоң аскердик база курууну көздөп жатат. Бул тууралуу Израилдин иликтөө журналистика борбору Shomrim өз булактарына таянып кабарлады. Маалыматка караганда, база Газа аймагында ок атууну токтотуу режимин сактоого жооптуу эл аралык күчтөр үчүн курулуп, бир нече миң аскерди жайгаштыра алат. Курулуштун баасы болжол менен 500 миллион доллар деп бааланууда.

Shomrimдин маалыматына ылайык, акыркы жумаларда америкалык өкүлдөр Израил өкмөтү жана ЦАХАЛ (Израил коргоо күчтөрү) менен байланышта болуп, долбоорду алдыга жылдырууда. Азыр база курула турган аймакты тандоо иштери башталган. Израил армиясындагы булактар бул демилгени «АКШнын аймактагы саясатынын олуттуу өзгөрүшү» деп аташкан.

Журналисттердин баамында, мындай ири инвестиция АКШнын ичинде да саясий талаш-тартыштарды жаратышы мүмкүн, анткени Республикалык партиянын бир бөлүгү чет өлкөлөрдө америкалык аскерлердин катышуусун кеңейтүүгө каршы чыгууда. Учурда АКШнын Израилдеги аскердик катышуусу өтө чектелүү. Ок атышууну токтотуу келишиминен кийин болжол менен 200 америкалык аскер Кирьят-Гат шаарындагы Борбордук координация борборуна (CMCC) жайгаштырылган. Согуш маалында АКШ Израилге Ирандын чабуулдарын тосууда колдонулган THAAD ракетадан коргонуу тутумун да орноткон.

Тема боюнча

АКШдагы аба ырайынын катаал шарттары Ыраазычылык күнүн майрамдоодо  жүз миңдеген адамдардын жашоосун кыйындатты

АКШдагы аба ырайынын катаал шарттары Ыраазычылык күнүн майрамдоодо  жүз миңдеген адамдардын жашоосун кыйындатты

28.11.2026

Shomrimдин маалыматы боюнча, жаңы база куруу долбоору АКШнын Газа боюнча саясатындагы өзгөрүүнүн уландысы болуп, Израилдин аракет эркиндигин чектеши мүмкүн. Өзгөчө гуманитардык жардамды бөлүштүрүү маселесинде АКШнын CMCC борбору бул процессти толук көзөмөлгө алат деп күтүлүүдө, ал эми Израилдин COGAT агенттиги жардамчы гана функцияны аткарат.

Тель-Авив университетинин Моше Даян борборунун улук изилдөөчүсү жана Израил аскердик чалгын кызматынын мурдагы өкүлү доктор Михаэль Мильштейн мындай деген:

«Кирьят-Гаттагы CMCC борбору Газа боюнча иштердин көбүн өзүнө алат, ошондо Израилдин сектордогу негизги ролу өзгөрөт».

Эгер база курулса, бул Израил аймагында ири америкалык аскердик базанын биринчи жолу пайда болушу болуп, аймактагы коопсуздук жана гуманитардык саясаттагы тең салмакты олуттуу өзгөртүшү мүмкүн.

3-ноябрда АКШ БУУнун Коопсуздук Кеңешине Газанын секторунда 2027-жылга чейин иш алып бара турган Эл аралык коопсуздук күчтөрүн (МСБ) түзүү боюнча резолюция долбоорун сунуштаган. Документке ылайык, бул күчтөр Израил жана Египет менен чек араларды коргоо, жарандарды жана гуманитардык коридорлорду камсыз кылуу, ошондой эле палестин укук коргоо күчтөрүн даярдоо милдетин аткарат. Аскерлер Gaza “Board of Peace” деп аталган Кеңештин бирдиктүү командасына баш иймекчи. Axios агенттигинин маалыматына караганда, бул Кеңешти АКШ президенти Дональд Трамп жетектейт. Газанын чек арасына курула турган америкалык база дал ушул эл аралык күчтөрдү жайгаштыруу үчүн инфраструктуралык негиз болуп калат.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: АКШАКШнын аскердик базасыаскердик базаГаза
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

«Трамп коридору»: Түштүк Кавказдагы жаңы геосаясий долбоор жана Орусия менен Ирандын тынчсыздануусу

«Трамп коридору»: Түштүк Кавказдагы жаңы геосаясий долбоор жана Орусия менен Ирандын тынчсыздануусу

28.11.2026
АКШдагы аба ырайынын катаал шарттары Ыраазычылык күнүн майрамдоодо  жүз миңдеген адамдардын жашоосун кыйындатты

АКШдагы аба ырайынын катаал шарттары Ыраазычылык күнүн майрамдоодо  жүз миңдеген адамдардын жашоосун кыйындатты

28.11.2026
Бийликти алмаштыруу же Иранды куралсыздандыруу: Трамп чындыгында эмнеге жетишүүнү көздөп жатат?

Бийликти алмаштыруу же Иранды куралсыздандыруу: Трамп чындыгында эмнеге жетишүүнү көздөп жатат?

27.11.2026
Трамп: АКШ Жакынкы Чыгышта мунай үчүн эмес, Израилди коргоо үчүн жүрөт

Трамп: АКШ Жакынкы Чыгышта мунай үчүн эмес, Израилди коргоо үчүн жүрөт

27.11.2026
Ирандык генералдын Кытайга күтүүсүз сапары: Вашингтон үчүн кооптуу белгиби же шашылыш сүйлөшүүлөрбү?

Ирандык генералдын Кытайга күтүүсүз сапары: Вашингтон үчүн кооптуу белгиби же шашылыш сүйлөшүүлөрбү?

26.11.2026
Италиялык гезит: Ирандын кемесине Украина сокку урган болушу мүмкүн

Италиялык гезит: Ирандын кемесине Украина сокку урган болушу мүмкүн

26.11.2026
АКШлык белгилүү журналист Трампка: «Согушту кайра баштасаңыз, чоң ката кетиресиз» деп эскертти

АКШлык белгилүү журналист Трампка: «Согушту кайра баштасаңыз, чоң ката кетиресиз» деп эскертти

25.11.2026
АКШда жеңил моторлуу учактын кыйрашынан алты адам каза болду

АКШда жеңил моторлуу учактын кыйрашынан алты адам каза болду

25.11.2026
Ормуз кысыгындагы деңиз миналарынын тузагы: алты кеме өрттөндү

Ормуз кысыгындагы деңиз миналарынын тузагы: алты кеме өрттөндү

25.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

Ирандын лидери: «Басиж» душмандарга сокку уруунун бир да мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбайт

28.11.2026
Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

Арагчи: Израиль Иранга каршы дооматтары менен АКШны согушка тартууну көздөп жатат

26.11.2026
Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

Тегерандын соту Минаб шаарындагы мектептин бомбаланышына байланыштуу АКШга каршы доо арызды кароону баштады

26.11.2026
Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

Газадагы кышкы гуманитардык кризис: суу каптаган чатырлар жана өлүм коркунучундагы балдар

24.11.2026
Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

Ирак Курдистан аймагынын чек араларына аскерлерин жылдырууда

26.11.2026
Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

Иранга каршы согуштук аракеттери башталгандан бери Түркиянын алтын-валюта резервдери 51 миллиард долларга кыскарды

24.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
223 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.