АКШ Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан (ДССУ, англ. WHO) чыгуу жол-жобосун толук аяктады. Тиешелүү билдирүү бейшемби күнү, 22-январда, АКШнын Саламаттыкты сактоо жана социалдык кызматтар министрлигинин расмий сайтында жарыяланды.
Bloomberg жана Reuters агенттиктеринин маалыматына караганда, америкалык бийликтер ДССУ алдындагы карызын төлөшкөн эмес. Ар кандай баалоолор боюнча, бул сумма 130 миллион доллардан 260 миллион АКШ долларына чейин жетет. AP агенттиги карызды 130 миллион доллардан ашык деп бааласа, Bloomberg жана Reuters аны болжол менен 260 миллион доллар деп көрсөтүшөт.
Вашингтондо ДССУдан чыгуу чечими уюмдун Кытайдын Ухань шаарында башталган COVID-19 пандемиясына «жетишсиз жооп кайтарганы», ошондой эле шашылыш керек болгон реформаларды жүргүзө албаганы жана мүчө мамлекеттердин саясий таасиринен көзкарандысыздыгын көрсөтө албаганы менен түшүндүрүлдү.
АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөнүн ДССУдан чыгуу ниети тууралуу жарлыкка 2025-жылдын 20-январында — Ак үйгө кайра кайтып келгенден кийинки биринчи күнү кол койгон. Процедуранын бир жылдан кийин аякташы АКШнын мыйзамдарына байланыштуу болуп, анда уюмга чыгуу үчүн 12 ай мурда расмий билдирүү жөнөтүү талап кылынат. Мыйзам ошондой эле бардык төлөнбөгөн мүчөлүк төлөмдөрдү жабууну карайт, бирок АКШ бул милдеттенмени аткарган жок.
АКШнын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Мамлекеттик департаменттин биргелешкен билдирүүсүндө акыркы бир жыл ичинде өлкө ДССУнун долбоорлорун каржылабаганы жана уюмга эч кандай взнос төлөбөгөнү белгиленет.
«Америкалык эл буга чейин эле жетиштүү төлөп койгон», — деди Мамлекеттик департаменттин өкүлү.
Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, АКШ ДССУнун эң ири демөөрчүсү болгон — алардын салымы уюмдун жалпы бюджетинин болжол менен 18%ын түзчү. АКШнын чыгышынын фонунда ДССУ 2026-жылдын ортосуна чейин кызматкерлеринин болжол менен төрттөн бир бөлүгүн кыскартууну пландап жатат.



















