АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы өкмөттүн ишин натыйжалуу жүргүзүү боюнча агенттиктин (DOGE) башчысы Илон Масктын демилгеси менен АКШнын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун (CDC) келишимдер боюнча чыгымдарын 35% кыскартмакчы.
Бул тууралуу The New York Times гезити өз булактарына таянып жазганын ТАСС билдирди.
Кыскартуу коронавируска каршы күрөшүү жана жугуштуу оорулар боюнча эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүү үчүн контракттар жана гранттар түрүндө бөлүнгөн маанилүү саламаттыкты сактоо программаларына тиешелүү. Ошондой эле каражаттар психологиялык саламаттыкты сактоо борборлоруна, баңги затка көз карандылыктын кесепеттерин жоюуга, аз камсыз болгондор үчүн медициналык программаларды колдоого жана башка максаттарга багытталган.
«[Биздин] гранттар жана келишимдер — бул биз жыйынтыкка жетүүчү ыкма. Азыр бизди колу-бутубуздан ажыратып жатышат», — деди CDC кызматкерлеринин бири гезитке берген маегинде.
Мындан тышкары, АКШнын Саламаттыкты сактоо жана социалдык кызматтар министрлиги Колумбия жана Пенсильвания университеттерине бөлүнгөн изилдөө гранттарын кескин кыскартууну талап кылууда, анткени бул окуу жайлар антисемитизмге каршы жетиштүү чара көргөн эмес деген жүйө келтирилген.
Ошол эле учурда CDC кызматкерлеринин ар бешинчисин жумуштан бошотуу процесси уланууда. Бул болжол менен 2,4 миң кызматкерди камтыйт. Буга чейин эле астма, өндүрүштүк жаракаттар, тамеки чегүү жана айлана-чөйрөнүн жарандардын ден соолугуна тийгизген таасири боюнча иликтөө жүргүзгөн айрым окумуштуулар иштен кетишти. Айрым изилдөө программалары адистердин жоктугунан токтоп калды. Ошондой эле IT кызматтарына, коопсуздук жана тазалык иштерине кеткен кошумча чыгымдарды кыскартуу да талап кылынууда.

















