Америка Кошмо Штаттарынын бийлиги АКШда мыйзамсыз жашап жүргөн Борбор Азиядан келген 130дан ашуун мигрантты Өзбекстанга депортациялады. Бул тууралуу АКШнын Ички коопсуздук министрлигинин (МВБ) жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө таянып ТАСС агенттиги кабарлады.
Шаршемби күнү Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан жарандары депортацияланган. «Бул операция учурунда Өзбекстан өз жарандарынын депортациясын толук каржылап, биздин өлкөлөр ортосундагы коопсуздук жаатындагы кызматташуунун тереңдигин баса белгиледи жана АКШнын союздаш өлкөлөрү үчүн жаңы стандарттарды орнотууда», — деп белгилешти министрликтен.
АКШнын ички коопсуздук министри Кристи Ноэм Өзбекстан менен өз ара коопсуздукту бекемдөө жана мыйзам үстөмдүгүн сактоо боюнча кызматташтыкты улантууга үмүт артканын билдирди. Ал ошондой эле Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге «ыраазычылык билдирген».
Маалыматта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 131 мигрантты алып кетүүгө атайын чартердик каттам уюштурганы айтылат. Кыргызстандыктар менен казакстандыктар Өзбекстандан кайра өз өлкөлөрүнө жөнөтүлөт.
АКШнын Иммиграция жана Бажы кызматынын маалыматы боюнча, 2024-жылы Кошмо Штаттардан 271 миң 484 мигрант депортацияланган. Алардын ичинде Өзбекстандын 572, Тажикстандын 77, Кыргызстандын 69, Казакстандын 23 жана Түркмөнстандын 5 жараны бар.
Февраль айында Кошмо Штаттар Азия өлкөлөрүнөн барган 100дөн ашык мигрантты Панамага депортациялаган. Алардын арасында Өзбекстандын жарандары бар экени кабарланган. Көп өтпөй Коста-Рикага АКШдан 200дөй мигрант депортация болуп, анын ичинде Казакстандын жана Өзбекстандын да жарандары бар экени айтылган.
Мыйзамсыз миграция менен күрөшүү АКШнын президенти Дональд Трамптын шайлоо алдында берген убадаларынын бири. Трамп президенттикке келген биринчи күнү, 20-январда эле Мексика менен чек арада өзгөчө абал киргизген. Жүздөгөн мигранттар депортация болгон.

















