Америка Кошмо Штаттары Газа секторундагы куралдуу жаңжал башталгандан бери өткөн эки жыл ичинде Израилге аскердик жардам көрсөтүүгө 21,7 миллиард доллар жумшаган.
Бул тууралуу Браун университетинин Costs of War Project аттуу изилдөө борборунун отчетунда айтыларын ТАСС агенттиги жазды.
Изилдөөгө ылайык, бул көрсөткүч жакынкы жылдары төлөнүп, жеткириле турган ондогон миллиард долларлык курал-жарак сатууларын камтыбайт.
Маалыматта белгиленгендей, америкалык курал-жарактар, согушка жарамдуу учактары, сокку уруучу жана транспорттук тик учактары Израилдин Коргоо күчтөрүнүн (ЦАХАЛ) жана полициясынын Газа тилкесинде, Иордан дарыясынын батыш жээгинде жана андан тышкаркы аймактарында жүргүзгөн операцияларында негизги ролду ойнойт.
Адистердин эсептөөсүнө караганда, 2023-жылдын 7-октябрынан тартып АКШ Израилдин аймактагы аскердик операцияларына кошумча 9,65–12,07 миллиард доллар короткон.
Жалпысынан, Израил катышкан эки жылдык согуштук аракеттерге АКШнын чыгымы 33,77 миллиард долларга жакындап, өсүүнү улантууда деп билдиришет адистер.
2023-жылдын 7-октябрында Израиль менен палестиналык ХАМАС кыймылынын ортосунда башталган жаңжал Жакынкы Чыгыштагы акыркы он жылдардагы эң ири жана кандуу согуштардын бири болуп калды. Палестинанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, эки жылдык согуштун жүрүшүндө 66 миңден ашуун палестиналык каза болуп, 160 миңге жакыны жаракат алды.
















