Кечээ, 9-августта Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы жаңы эксклюзивдүү формасын расмий түрдө көрсөттү.
Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Маалыматка караганда, «Ак шумкарлардын» жаңы формасына кыргыздын оюм-чийимдери түшүрүлгөн.
Иш-чаранын алкагында 2023/2024 коллекциясындагы биринчи футболканын кайрымдуулук аукциону өттү. Андан түшкөн каражат Кыргызстандагы балдар үйлөрүнүн бирине жардам катары жумшалат.
Кыргыз футболдук союзу менен испаниялык Joma бренди иштеп чыккан мерч 11-августта массалык сатууга чыгат. Улуттук курама команданын расмий экипировкасын бардык @jomasport.kg дүкөндөрүнөн сатып алса болот.
Оюн футболкасы (үй формасы)
Оюн футболкасы (конок формасы)
Футболка-поло
Спорттук костюм