Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Кытайдын Тайбэйин 5:1 эсебинде жеңди.
Голдорду “Ак шумкарлардан” Жоел Кожо (үч гол), Християн Браузман жана Кими Мерк киргизишти.
Ал эми атаандаш тараптан У Ен-Шу пенальтиден гол жаратты. Бул гол дарбазачы Эржан Токотаевдин жаңылуусунан пайда болду.
Буга чейин бул командалар ушул жылдын 21-мартта Кытай Тайбэйинде беттешип, анда Кыргызстандын курама командасы бир оюнчусу аз ойноп, 2:0 эсебинде жеңишке жеткен.
Бул оюндун жыйынтыгы менен (төртүнчү айлампада) Улуттук курама 9 упай топтоп, 11 гол айырмачылыгы менен тайпада 1-орунду камсыздады. Ошентип учурда Кыргызстан менен Оманда 9дан упай болсо, Малайзияда 6, Тайбэйде упай жок.
2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында өтүп жаткан оюндардын акыркы айлампасы ушул жылдын июнь айынын башында болот. Анда Кыргызстандын курамасы өз үйүндө Малазияны кабыл алса, конокто Омандын оюнчулары менен беттешет.
Эске салсак, алдыдагы дүйнө чемпионаты 3 мамлекетте: АКШда, Мексикада жана Канадада өтөт жана ага биринчи жолу 48 курама команда катышат. Буга чейинки мундиалдарда 32 команда катышып келген.
Ошондуктан, алдыдагы жакшы жыйынтыкка жетишсе, Кыргызстандын Улуттук курамасы дүйнө чемпионатына жолдомо утуп алышы толук мүмкүн.




















