Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова карьерасында үчүнчү жолу спорттук күрөш боюнча чоңдор арасындагы дүйнө чемпиондугун жеңип алды.
Тыныбекова 16-сентябрдан 24-сентябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө биринчилигине 62 кг чейинки салмак чен бирдигинде 1/16 финалдык баскычтан тарта катышты.
20-сентябрда Тыныбекова Польша, Молдова, Украина, Германиядан келген спортчуларды катары менен төрт жолу жеңип, финалга чыккан.
Финалдык беттеште кыргыз балбаны япониялык Сакура Мотоки менен күч сынашып, аны 4:1 эсебинде жеңип, алтын медаль утту. Муну менен ал 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына да жолдомо алды.
Видео: КР Күрөш федерациясы