Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин эки күндүк сапары менен Өзбекстанда болду. Путин Ташкентке 26-майда кечинде барган. Бул анын инаугурациядан кийинки чет өлкөгө Пекин менен Минсктен кийинки үчүнчү сапары.
Эки тараптуу жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр дүйшөмбү күнү Өзбекстандын президентинин «Куксарой» резиденциясында өттү.
Лидерлер алгач тар чөйрөдө баарлашып, андан соң эки өлкөнүн делегацияларынын катышуусунда жолугушуу кеңейтилген курамда уланды.

Жалпысынан орус-өзбек сүйлөшүүлөрү үч саатка жакын созулуп, анын жыйынтыгында биргелешкен билдирүүгө жана жыйырмадан ашык документтер пакетине кол коюшту.
Кол коюу аземи эки өлкөнүн лидерлеринин катышуусунда өттү.
Алардын арасында өкмөттөр аралык макулдашуулар бар: биргелешкен кино өндүрүш жөнүндө, санитардык-эпидемиологиялык чөйрөдө кызматташуу жөнүндө, метрология тармагында техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө.
Бир нече программалар бекитилди – 2025-2026-жылдары туристтик агымды көбөйтүү, 2024-2026-жылдары маданият тармагында кызматташуу.
Мындан тышкары, Өзбекстанда Н.Э. Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык университетинин филиалдарын ачуу ошондой эле тышкы соода боюнча бүткүл россиялык академиясын ачуу боюнча келишимдерге кол коюлду. Пландалгандай, республикада россиялык долбоор боюнча атомдук электр станциясын (АЭС) куруу боюнча документтерге кол коюлду.

Россия менен Өзбекстандын өкүлдөрү бир нече иш-чаралардын планын кабыл алышты: өнөр жай кооперациясын кеңейтүү, артыкчылыктуу багыттар боюнча өз ара аракеттенүү, товар жүгүртүүнү көбөйтүү, өсүмдүктөрдүн карантини жаатында кызматташууну өнүктүрүү, Ташкентте Сбербанктын пилоттук долбоорлорун ишке ашыруу, жергиликтүү бийлик менен «Газпромнефть» ортосундагы кызматташуу жөнүндө.
Ошондой эле транспорттук машина куруу жана авиациялык системаларды өнүктүрүү жаатында өз ара түшүнүшүү жана тажрыйба алмашуу боюнча меморандумдарга кол коюлду.
Өзбек президентинин басма сөз кызматы Путиндин сапарынын алкагында Москва менен Ташкент жаңы долбоорлор боюнча 20 миллиард долларлык келишимге кол коюшканын маалымдады.
«Сапардын алкагында 20 миллиард доллардан ашык суммага жаңы долбоорлор боюнча келишимдерге кол коюлду. Биздин өлкөнүн президенти кооперациянеы алдыга жылдыруу үчүн биргелешкен инвестициялык аянтча жакын арада ишке кирерин жарыялады” — деп айтылат эки өлкөнүн лидерлеринин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча билдирүүдө.

















