Бүгүн, 27-сентябрда «Унаа» ММдин Ысык-Ата бөлүмүнүн кызматкерлери дагы бир тапкыч курсантты аныкташты.
Бул тууралуу “Унаа” ММдин маалымат кызматы кабарлады.
Жол кыймылынын эрежелерин билүү боюнча теориялык тест тапшыруу учурунда 2001-жылы туулган курсант Т.А.З. мини-камера колдонгон. Ал футболкасын тешип, камераны кийимдин ичине жабыштырган.
Топтолгон материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.
“Унаа” ишканасы айдоочулук күбөлүк алам дегендерге жолдо жүрүү эрежелерин үйрөнүп, өз билимдерине гана таянууну сунуштады.
«Жол эрежесин билбөө сиздин өмүрүңүзгө жана жол кыймылынын башка катышуучуларынын өмүрүнө коркунуч алып келет!», — деп айтылат маалыматта.