Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Душанбе шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолукту.
Бул тууралуу МинКабдын маалымат кызматы билдирди.
Жолугушуу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылары жана КМШнын Аткаруу комитетинин Башкы катчысы менен биргеликте болду.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө КМШнын Өкмөттөрүнүн башчыларынын кеңешинин алдыдагы чечимдери КМШдагы интеграциялык процесстерге жаңы дем берип, жамааттык туруктуулукту бекемдеп, жарандардын бакубаттуулугун жогорулатуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүлөөрү айтылды.
Андан соң КМШга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылары Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен биргеликте сүрөткө түшүү аземи болду.
Эскерте кетсек, бүгүн 5-июнда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин тар жана кеңейтилген курамдагы жыйыны өткөрүлөт. Отурумдун жүрүшүндө соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактар боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, чечимдер кабыл алынат.
Адылбек Касымалиев Душанбе шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында буга чейин Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен жолугуп, тараптар эки өлкөнүн президенттери буга чейинки жолугушууларында жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылышынын жүрүшүн жана алдыдагы кыргыз-тажик кызматташтыгынын күн тартибине киргизилген бир катар актуалдуу маселелер боюнча сүйлөшүшкөн.



















