Палестина улуттук администрациясынын (ПУА) төрагасы Махмуд Аббас ПУА Газаны башкарууга даяр экенин, ал жараянга чет элдик өнөктөштөрдү тартуу мүмкүнчүлүгү да каралып жатканын билдирди. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазды.
Аббастын айтымында, ПУА Газаны башкаруу маселесинде араб же башка эл аралык кызматташууга да ачык. Ошол эле учурда ал ПУА аймакты өз алдынча башкарууга бардык мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи.
Саясатчы дагы бир жолу Израилди палестин мамлекетин түзүүгө тоскоолдук кылууда деп айыптап, еврей мамлекети «Палестинаны толугу менен жок кылууга» умтулуп жатканын айтты. Ал ПУА 1988-жылы Израилди тааныганын, бирок бул нерсе Израилдин палестин мамлекеттүүлүгүнө болгон позициясын өзгөртпөгөнүн эске салды.
Акырында Аббас Палестинага БУУнун толук укуктуу мүчөлүгү макамын алуу үчүн күрөшөрүн белгиледи.
20-августта израилдик аскерлер Газага кол салууну баштап, шаардын чет жакасындагы аймактарды көзөмөлгө алышкан.
22-августта Нетаньяху Газаны көзөмөлдөө боюнча пландарды бекиткен.
















