Абактан мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар тууралуу тиешелүү органдардын ишмердүүлүгүн иликтеп чыгуу боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.
21-сентябрда түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар тууралуу тиешелүү органдардын ишмердүүлүгүн иликтеп чыгуу боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын кезектеги отуруму өттү.
Жумушчу топтун маалыматына ылайык, убактылуу комиссия түзүлгөндөн бери өлкөдөгү бир катар жабык жайларды кыдырып чыгышкан. Анын негизинде жалпы 30дан ашык кайрылуулар жана өтүнүч каттар келип түшкөн.
Комиссиянын төрагасы Жусупбек Коргонбай уулу жумушчу топтун негизги максаты жабык жайларда адилетсиз отурандарга көмөк көрсөтүп, тескерисинче оор кылмыштар менен кесилгендерди коррупция жолу менен эркиндикке бошоткондорго чара көрүү экендигин баса белгиледи.
Отурумда убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрү Султанбай Айжигитов менен Алишер Козуев иштөө багыттары боюнча бир катар сунуштамаларын беришти.
Эң негизгиси, оор кылмыш кылгандарды коррупциялык схемалар менен абактан мөөнөтүнөн мурда бошотууга шарт түзгөн мыйзамдардын үстүнөн иштеп чыгуу керектигин белгилешти.
Жумушчу топтун курамында дасыккан юристтер, мурда органдарда иштеп кеткен көз карандысыз жактоочулар да бар.
Эскерте кетсек, аталган комиссия үстүбүздөгү жылдын 14-июнунда түзүлгөн.