Тажикстандын Вахдат шаарындагы №3/2 колонияда жазасын өтөп жаткан тогуз туткундун тобу күзөтчүлөргө кол салуу менен качууга аракет кылышкан учурда, түрмө сакчылары аларды атып, үч киши каза болду. Калгандары кайра кармалып, камакка алынган.
Бул тууралуу “Ховар” маалымат агенттиги Тажикстандын Юстиция министрлигинин Кылмыш жазаларын аткаруу башкы башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен билдирди.
Окуя 3-февралда жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:44тө болгон.
Маалыматка караганда, абактагылар күзөт кызматкерлерине кол салуу үчүн колго жасалган бычактарды колдонушуп, үч күзөтчү оор жаракат алган.
Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, тополоң чыгарган туткундар мекемеде кызмат өтөп жаткан аскерлерди өлтүрүп, андан соң качууга да аракет кылышкан. Бирок алар эч кандай шарт коюшкан эмес жана колониянын администрациясынын талабын аткарышпагандыктан күзөтчүлөр кароолчулар ок атуучу куралдарды колдонушкан. Натыйжада качууга аракет кылгандардын арасынан үч киши өлтүрүлүп, калгандары камакка алынган.
Жаза аткаруу башкармалыгынын кызматкерлери мекеменин коопсуздугу жана коопсуздук системасы толугу менен калыбына келтирилгендигин билдиришкен.
Бирок эркин көз караштагы маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, каза болгондордун санын азайтып айтышууда. Себеби жазылган материал менен кошо сүрөттө беш өлүк көрсөтүлгөн.
Бул Тажикстандын жаза өтөө мекемелериндеги биринчи окуя эмес. 2018-жылдын 7-8-ноябрында Худжанддагы 3/3 күчөтүлгөн режимдеги колониядагы түзөтүү абагында тополоң чыгып, аны басуу учурунда 25 адам, анын ичинде эки абак кызматкери каза болгон.
2019-жылдын июль айынын аягында Тажикстандын Жогорку соту Худжанддагы күчөтүлгөн режимдеги колониядагы баш аламандыктарды уюштурган жана катышкан деген айып менен 33 туткунга өкүм чыгарып, алардын үчөө өмүр бою эркинен ажыратылып, калгандары узак мөөнөткө -19 жылдан 24 жылга чейин эркинен ажыратылган.
2019-жылдын августунда БУУнун адам укуктары боюнча кеңсеси тажик өкмөтү менен абактардын шарттарын жакшыртуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Душанбе жана Худжанд түрмөлөрүндөгү үч жаза камерасына же жазалоочу камераларга (ШИЗО) көңүл бурган.
БУУнун баяндамасында “түрмө эрежелерин бузган камактагылар физикалык зомбулукка, кадыр-баркты басмырлаган мамилеге жана башка басмырлоочу кыйноолорго дуушар болушат”,- деп айтылып, эксперттер Тажикстан өкмөтүн жаза камераларын колдонууну токтотууга жана бардык абактагыларга адамгерчиликтүү мамиле кылууга чакырган.
Ушундай эле өтүнүч Эл аралык Кызыл Крест комитетинин (ЭККК) кызматкерлери тарабынан да сунушталган.




















