Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов 12-декабрда белгиленүүчү Эл аралык бейтараптык күнүнө карата 276 соттолгон жаранга ырайым кылды.
Бул тууралуу ал өлкөнүн министрлер кабинетинин кеңейтилген жыйынында билдиргенин «Нейтральный Туркменистан» расмий гезити жазды.
Бердымухамедов белгилегендей, салт боюнча ырайым кылуу кылмышы үчүн соттолгон, бирок жасаган кылмышына чын жүрөктөн өкүнгөн жарандарга берилет. Ал мындай акциялар байма-бай жүргүзүлүп турарын эске салды.
Укук коргоо органдарына ырайым кылынган жарандардын жакынкы аралыкта бошотулуп, үй-бүлөсүнө кайтып келиши үчүн бардык чараларды көрүү тапшырылды.
Түркмөнстанда абактагыларга ырайым берүү акциялары мамлекеттик майрамдардын жана маанилүү даталардын урматына жылына бир нече жолу өткөрүлөт. Мындай акция акыркы жолу сентябрда өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнүн урматына өтүп, анда президент 736 адамга ырайым кылган.
Жыл сайын 12-декабрда дүйнөдө Эл аралык бейтараптык күнү (International Day of Neutrality) белгиленет. Эл аралык бейтараптык күнүн жарыялоо демилгесин 2015-жылы декабрда Түркмөнстандын бейтараптуулугунун 20 жылдыгына арналган Ашхабадда өткөн эл аралык конференциянын катышуучулары көтөрүшкөн. Анда Ашхабаддын корутунду документи кабыл алынган.
Ашхабаддын Корутунду документин эске алуу менен 2017-жылдын 2-февралында БУУнун Башкы ассамблеясы 12-декабрды Эл аралык бейтараптык күнү деп жарыялоо боюнча резолюцияны жактырган. Дал ушул күнү 1995-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы Түркмөнстандын сунушу менен бул өлкөнүн туруктуу бейтараптыгы тууралуу резолюция кабыл алган.



















