Eurasiatoday
Бейшемби, 19-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Аба ырайын алдын ала айткан табыркачы Шамалдак Шайбылдаевдин өнөр сыры эмнеде?

  • Интервью
  • 11.10.2023 18:20

Loading

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Көңдүк айылынын тургуну Шамалдак Шайбылдаев жаратылыштын кубулуштары аркылуу аба ырайын алдын ала биле турган өзгөчө өнөрдү бапестеп келет. Мындай адамдарды илгертен “табыркачы”, -деп коюшкан. Табыркачы Шамалдак мырзадан мурда Алайкуу эли аба ырайын алдын ала айттырып, көп маалыматтарды сурап турушчу экен.

“Бирок азыр анчалык сурабай калышты”, – дейт каарманыбыз. “Анткени буга зарылчылык жоголду, аба ырайын билүү үчүн акылдуу телефондору ар биринин колунда турат”, – дейт ал. Биз, Шамалдак агайдан илгерки өнөрдү кантип өздөштүрүп калганын жана жаратылыштагы кубулуштар аркылуу аба ырайын алдын ала кантип табыркалоонун сырын сурадык.

– Шамалдак мырза, саламатсызбы? Сизди алайкуулуктар “табыркачы” дейт экен. Сиз аба ырайын жаратылыштын кубулуштары аркылуу айтып берет экенсиз. Негизи анын кантип билесиз?

Тема боюнча

Ж. Кулубаев АКШнын мамкатчысы менен санкция жана визалык чектөөлөр маселелерин талкуулады

Ж. Кулубаев АКШнын мамкатчысы менен санкция жана визалык чектөөлөр маселелерин талкуулады

20.10.2026

– Саламатчылык. Ал мындай иним. Кыргыздар илгертеден бери эле жаратылыш менен камыр-жумур болуп чогуу жашашкан да. Жашоо турмушу тоолуу аймактарда болуп, мал-чарбачылык менен алектенгендиктен, айрыкча аба ырайынын кандай өзгөрүүгө тушугаарын алдын ала билүүгө кызыккандар көп болгон.

Эми биринчи “Табырка”, – деген сөзгө маани берели. Бул – кандайдыр бир кубулуш болуп өтсө, ошол кубулуштун болуп өтүшүнүн жагдайына жараша кийинки башка кубулуштарды алдын ала божомолдосо болот. Ушул “табырка” деп аталат. Божомолдоонун түрлөрүн айталы, мисалы: тамырчылар тамырды кармап, адамдын оорусунун кандай экенин биле алышат. А саяпкерлер атты чаап көрбөй туруп, байгеге чабууга жарайбы же жарабайбы ажыратышат. Кушту көрүп туруп, алгыр же алгыр эмес экенин билгендерди “мүнүшкөрлөр” дейт. Ушул сыяктуу эле жаратылыштагы кубулуштарды алдын ала билгендерди “табыркачы” деп коет. Мисалы: жаз-жайдын кандай болушунан кабар берет, а жай, күздүн, күз кыштын, кыш жаздын кандай болоорунан кабар берет. Буларды табыркалоо жолу менен билет.

Мен аба ырайын байкаганда төрт нерсеге көңүл бурам. Биринчиси: өсүмдүктөр кышка карата даярдана башташат. Жаздын күнү жандана баштайт. Кыскасы өсүмдүктөргө байкоо жүргүзүш керек. Айрыкча дарактарга. Себеби чөп-чарды чаап коебуз же мал тебелеп кетет.

Негизи оору – ден соолугу начар кишиге биринчи тиет да, туурабы? Аба ырайын билүү да өсүмдүктөрдүн ушунусунан айырмаласа болот. Мисалы мырза теректер бар го, мына ушуларды байкаш керек, ушулар аябай сезимтал келет. Өсүмдүктөр тууралуу айтканда, эгер күздүн күнү теректер жалбырагын түбүнөн баштап жалбырагын таштай баштаса, демек кыш адаттагыдай эле болот дегенди билдирет. А эгерде чокусунан түшсө, анда кыштын оор боло турганынан кабар берет. Анан чокусу дегенде эң чокусун тиктебеш керек, ар бир бутактын учун караш керек. Андан сырткары, дарак кандай жерде турат, суудабы же суудан алыспы, шамалдын огундабы же андай эмеспи, кыскасы ошолорго да байкоо салыш керек. Ушулар да табырканы тескери берип коюшу мүмкүн.

Экинчиси: жаныбарларга карата айтылган табырка болот. Муну силер деле угуп жүрсөңөр керек, алар тиги чээнге кирүүчүлөр тууралуу. Суур, кашкулак, аюу сыяктуу жапайы жаныбарларга карата айтылат. Эгер алар чээнге эртерээк кирип кетсе, жыл жакшы болот, кеч кирсе, начар болуп калышы мүмкүн дегендер бар да. Анан кеч киргенде мал-келди короого камап атканда, суурлар ийинине кирбей, сыртта жүргөнүн көрүп калышат. Анда суурлар арык болуп калганынан байкаса болот. Негизи окуучулар текстти ката окуп калат го, ошол сыяктуу табыркачылар да айрым учурда ката окуп калышат.

Үчүнчүсү: астрономиялык байкоолор. Булар мезгил мезгили менен жылда көрүнөт. Мисалы, сен деле угуп жүрсөң керек, “жети тогоол”, “беш тогоол”, “үч тогоол” дегендер бар. Тогоол дегенде ай менен үркөр жылдызынын тогошуусуна маани бериш керек. Үркөр – бул, кыргыздар ушундай дейт, “жигиттин пири шаймерден”, “жылкы пири Камбар Ата” дегендей, жылдыздардын пирин үркөр деп коюшат. Ошол үркөр менен тогошуусун карайбыз.

Мисалы: эрте менен саат 4-5терде чыксаң, үркөр жылдызын тааныган болсоң, айдын 13 же 14ү күнү тогоол болот. Андан кийин 25инен тогойт. Мына ушинтип келе берет. Мурда карап, байкоо салып жүрбөгөн кишилер аны билбейт. Негизи таңкы саатта көрөсүң. Мындан сырткары, айдын жаңырышынан да айтып жүрүшөт, муну көпчүлүк угуп, билип эле жүрүшөт. Ай жаңырганда чалкасынан түшүп калыптыр, агарып калыптыр, ичке болуп калыптыр, учу шиш болуп калыптыр деген сөздөр бар. Мына ушуларга карап билишет. Буларды айтып отурса аябай көп.

Төртүнчүсү: шамалга карата айтылган табыркалар болот. Жер шарында экватор сызыгы ысык болот, туурабы? Түндүк жана түштүк тарабы муздак болот. Музак аба оор болот дагы, түштүктү көздөй шамал болуш керек эле, түндүк уюлундагылар түштүктү көздөй жүрүш керек, а жер өз огунда айланат. Ошондуктан шамал кыйгач жүрөт.

Мисалы бизге жаан-чачын, айрыкча Кыргызстанга, Балтика деңиздеринен келет. Шамалдын ылдамдыгы жогорураак болсо, бир жумада, болбосо жарым айга жакын убактарда келип калат. Ал эми шамал катуу болсо Москвадан үч эле күндө келет, болбосо 5-6 күндө келет. Анан муну мен глобалдык шамал деп коем, бирок географтар эмне дейт билбейм, мен физикмин да, бул шамал эки жолу болот. Анан турукташат. Бул шамал августтун 15теринен башталат дагы, октябрдын 15теринен токтойт. Токтогондо кыргыйек токтоду деп коебуз. Сентябрда кыргыйекти көрдүм, кыргыйек түшүптүр деп калышат. Ушул кыргыйектин өтүшү менен кыштын кайсы мезгилинде, канчаларында жаан-чачын болоору тууралуу толук маалымат берет.

Ал эми экинчи жолку шамал – апрель менен мартта болот. Муну кыргыздар “Узун сары”, – деп коюшат. Илгеркилер: “отундун кургагын, сүрсүгөн этти узун сарыга сакта”, – дешкен. Анткени бул убакта күн узарып, кышка карата жыйнаган запастар дээрлик түгөнүп, арык мал ачка убакка тура албай, адамга жемекке бир нерсе керек болуп калат. Ошол мезгилде боору, бөйрөгү ооругандар адамдын саны көбөйөт. Себеби, витаминдүү тамактарды көп жебей калышат. Балтика жээгинен келген агымды азыр билиш оңой да, интернеттен карап туруп деле билип коебуз. Анан синоптиктер деле анча-мынча ката деле кетирип коюп атышпайбы.

Москвадан берген аба ырайын көрүп туруп, булут келе жатыптыр деп саатына чейин айтып койсо болот. Эгер эле агым бизге туш келип калса, бирок айрым учурларды Казакстандын башка жагын же кээде Гималай тоолорун каптап кетет. Ар жылы ар башка болуп калат. Ошол үчүн кээ бир жылы жаан-чачын көбүрөөк болуп, кээде болбой, кургакчыл болуп калганынын мааниси ошодон. Мен ошого биздин ата-бабаларыбызга ушунчалык таазим кылам, анткени алар технологиясы жок илгерки мезгилдерден бери эле аба ырайын жаратылыштын кубулуштарынан билип келген экен да.

Ушул төрт нерсени мен жаратылышты таануунун алфавити деп айтам. Жаратылыш – бул чоң китеп. Алдыга китеп койсо, биринчи алфавитин бүтүшүң керек, анан тилин билсең сүйлөй бересиң да. Ошондуктан, табырка – бул, жаратылышты таануунун алфавити. Бирок аны чала окугандар бар.

– Шамалдак агай, эми өзүңүз тууралуу сурайын. Сиз канча жашыңыздар баштап ушинтип табыркачылык кыла баштагансыз? Бул талантыңыз генден өтөт бекен? Бул өнөрдү кантип өздөштүрүп калдыңыз?

– Илгери ата-энем тогоолорду жакшы айтышчу. Бирок алдын ала божомолдобойт эле. Атам: “Кудайдан улук сүйлөбөш керек”, – дечү. Өзү молдо киши болчу. Бирок тогоолорду түнү чыгып көргөзөөр эле. Айрыкча “жети тогоол”, “беш тогоол”, “үч тогоол” дегендерди айтып берчү. Анан айылдагы мектеп төрт эле жылдык болгондуктан, агамдыкында жашап, коңшу айылда окудум. Ошол мезгилдерде мектептен эки жумада бирден үйүбүзгө барып келүүгө жооп берээр эле. Ошондо күн ачык болоор болбосун билиш үчүн муктаждык пайда болгон. Кийин мен физик болом деп ушул кесипти окуй баштаганда да жаратылышка жакын болуп калдым. Анан айылга кайра баргандан кийин 1978-жылдардан кийинки убактарда аба ырайын байкагандарымды айтып коюп жүрдүм. Муну көргөн Алайкуу өрөөнүндөгү аксакалдар: “Ай, сен жаш эле бала экенсиң го”, – деп калышаар эле. Мени Шамалдак десе, улгайган киши деп ойлошчу экен.

Бирок менин документтеги атым Маматкадыр. 1955-жылы 14-августта төрөлгөмүн. Мен бала кезимде шамалга алып чыкмай сайын ыйлай берчү экемин. Анан апам: “Бул бала шамалга дак болуп калды (майды дактайт го, ошого окшотуп), шамалга бышты, шамалды жакшы көрүп калды”, – деп атымы Шамалдак деп коюп коюшкан экен. Ким билет, мен ошондо эле жаратылышка жакын болуп калдым бекен. Мени курсташтарым гана Маматкадыр дешти, бирок биздин айылдан тартып, райондогулардын баары эле Шамалдак деп жүрүшөт. Үч уул, үч кызым, 19 неберем бар. Өзүм 68ге чыктым. Эми адамдар жаш экенсиң дебей калышты. Анын үстүнө зарылчылык деле жок болуп калды.

– Рахмат магиңизге! Ден-соолугуңуз чын болсун!

Маектешкен: А.Белеков

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: аба-ырайыКыргызстанөнөрТабыркачыШамалдак Шайбылдаев
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Кыргызстан менен Иран инновациялар жана жогорку технологиялар чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

Кыргызстан менен Иран инновациялар жана жогорку технологиялар чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулады

22.10.2026
Ж. Кулубаев АКШнын мамкатчысы менен санкция жана визалык чектөөлөр маселелерин талкуулады

Ж. Кулубаев АКШнын мамкатчысы менен санкция жана визалык чектөөлөр маселелерин талкуулады

20.10.2026
Садыр Жапаров Никол Пашинян менен кыргыз-армян кызматташтыгын талкуулады

Садыр Жапаров Никол Пашинян менен кыргыз-армян кызматташтыгын талкуулады

17.10.2026
«Хафиз Ширазинин поэзиясы — адамзаттын руханий казынасы»: Бишкекте улуу перс акынын эскерүү иш-чарасы өттү. Сүрөт

«Хафиз Ширазинин поэзиясы — адамзаттын руханий казынасы»: Бишкекте улуу перс акынын эскерүү иш-чарасы өттү. Сүрөт

14.10.2026
Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов кыргыз-түркмөн мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты

09.10.2026
Бишкекте Палестина элине колдоо максатында «Halal Bazaar» жарманкеси өттү. Сүрөт

Бишкекте Палестина элине колдоо максатында «Halal Bazaar» жарманкеси өттү. Сүрөт

08.10.2026
Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга барат

Садыр Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга барат

07.10.2026
Кыргызстан – Оман кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан – Оман кызматташтыгы талкууланды

06.10.2026
Азия оюндары-2026: Кыргызстан курама командасы жалпы 14 медаль жеңди

Азия оюндары-2026: Кыргызстан курама командасы жалпы 14 медаль жеңди

06.10.2026

Биздин Facebook


Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
216 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.

No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.